Кытай ырчысы Мирбек Атабековдун «Сагынам» ырын ырдап чыкты

Кытайлык ырчы Цай Жен Вэй Доу Мирбек Атабековдун популярдуу ыры “Сагынамды” кытайча ырдап чыкты. Кытай версиясында “Айтчы мага” деп аталат жана ырчынын былтыр чыккан уйкаш аталган альбомуна кирген.

 

 

 

Мирбек, кытай ырчысы анын ырдап алганын билбегенин, жана сотко берээр-бербесин азырынча айта албасын ырчынын өкүлү айтты.

Ырдын оригиналы 2007-жылы жарыкка чыгып, бир жылдан кийин клиби Дубай шаарында тартылган.

Сөзү - Кундуз Качкынбаеваныкы, музыкасы - Мирбек Атабековдуку.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.