Кыска юбкадан чүмкөнгөн кийимге чейин: иран аялдарынын модалык образы 110 жылдын ичинде кандай өзгөрдү

«Миң укканча бир көр» - бул лакап иран аялдарынын модасы чагылдырылган сүрөттөргө туура келет деп айтсак болот. Алардын, качандыр бир кезде европа аялдарына окшоп эле кийинип жүргөнүнө ишене албай кетесиң. ХХ кылымда иран аялдарынын образы кандай өзгөргөнү – кийинки серепте.
 

 

1900-жж

1900-жыдары иран аялдарынын негизги кийими болуп улуттук кийим – ак жоолук менен хиджаб болгон. Бир дагы грамм косметика колдонбой, калың каш сулуулуктун белгиси болуп саналган.

1910-1920-жж

1910-жылдары аялдар укугун коргоо кыймылы пайда болгон. Бул сөзсүз түрдө аялдардын кийимине таасир берген. 1920-жылдардын башында аялдар дагы деле хиджаб кийишкен, бирок өңдөрү түстүү боло баштаган жана аз да болсо чачтары көрүнүп калган.

1930-жж

30-жылдары Ирандын 34-шахы Реза Пехлеви өз мамлекетин «жаңылайм» деген чечим чыгарган. 1935-жылы Персия Иран деген атты алып, шах чүмкөнгөн кийимди кийбесе болот деген мааниде указ чыгарган. Бул алдыга жылышта чоң кадам болот деп эсептешкени менен аялдар ага даяр эмес экени белгилүу болгон.

1940-жж

40-жылддардын башында Реза-хан бийлктен кетип, анын чүмкөнгөн кийимге каршы указы күчүн жоготкон. Бирок, паранжа кийүү төмөнкү класстын адамы катары кабыл алынып жана жумуш иштегенге тоскоолдук жаратуучу кийим деп саналып калган.

Эми стилдүү иран аялынын келбети европалыктардан анча айырмаланбай калган: узун чачтар, макияж, тизеге чейин көйнөк.

1950-1960-жж

Бул жылдары Иранда бөлүнүү байкала баштаган. Жогорку класстын өкүлдөрү батыштын модасын колдошсо, жөнөкөй аялдар сыймыктануу менен паранжа кийип жүрүшкөн.

Модницалар көздөрүн боёшуп, чачтарын бийик байлап башташкан. 60-жылдары шайлоо укугуна ээ болушат, ал эми 1968-жылы Иранда биринчи жолу аял министрликке – Фаррохру Парса эл агартуу министри болуп шайланат.
 

1970-жж

Бул жылдары иран аялдары ажырашуу укугуна ээ болгон. Кыска юбка, ачык декольте блузка, ачык купальниктер модага кирген. Кыздар сулуулук конкурсуна катыша башташкан.

Мода журналдарын көрүп таң каласың, кантип ушунчалык жабык жүргөн иран аялдары өздөрүн эркин сезип калганына. Бирок 70-жылдардын аягында баары өзгөргөн.

 
1980-жж

1978-79-жылдары Иранда Ислам революциясы болду. Бийликке дин башчысы аятолла Хомейни келди. 1980-жылы "Маданий революция" болду. Окуу жайлар белгисиз мөөнөткө чейин жабылышты, эл агартуу министри Фаррохру Парса камакка алынды.

Бул режим убагында аялдарга оор болду. Алар көптөгөн укуктарынан ажыратылды жана паранжа кийгенге мажбурлашты. Паранжа кийбей көчөгө чыккандарды таш бараңга ала башташты

1990-2000-жж

10 жылдан кийин аялдарга түстүү хиджаб кийгенге уруксат берилди, жана кичине чачтарын көрүнтө башташты. 2009-жылы Жашыл революция орун алып, аялдар анда, көбүрөөк укукка ээ болуу максатында, активдүү роль ойношту.
 

2010-жж

2010-жылы аялдардын кийиминде өзгөрүүлөр болду: хиджаб ордуна жөнөкөй жоолук тагынышып, көбүн джинса менен шым кийгенин көрсө болот.
 

110 жылдык аралык кыска видеодо: