Кышында ызгаар суукта бут тоңбосун десеңиз, муну сөзсүз кылыңыз

Чыкыроон суукта биринчи орунда буттар тоңот.

 

 

Кандын айланганы жайлаганына байланыштуу тамандар бат муздайт, ал аягы көптөгөн жагымсыз ооруларды жаратат. Өзүңдү сасык тумоо, цистит, бөйрөк жана башка оорулардан кантип сактасаң болот? Бутту, жылуу өтүк да, жылуу байпак да жылыта албаса, эмне кылыш керек?

Бир, 5 мүнөттө жылууланып алчу жөнөкөй жана таасирдүү ыкма бар экен! Ага керектелүүчү нерселер: кайчы, калем жана жылуулук кайтаруучу фольга (фольгированный теплоотражатель – батареянын артына коюлуучу фольга, курулуш дүкөндөрүндө сатылат).

Кантип жасалат:

Бут кийимдин батегин алып чыгып жылуулук кайтаруучу фольганын үстүнө коюңуз. Калемдин жардамы менен батектин контурун сызып алыңыз. Кайчы менен кесип алып, өзүнүн батегинин астына салып алыңыз.

Дагы бир маанилүү жери: буттар жакшы “дем алсын” десеңиз, жаңы жасалган батектин ар кайсы жеринен 3-4 мм болгон тешиктерди жасап коюңуз. Эми ызгаар суукта сиздин буттарыңыз тоңбойт, себеби, жылуулук кайтаргыч жылуулукту кайра буттарга кайтарып, ал эми жерден суукту бутка өткөрбөйт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.