Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат?

Аны көргөндө оозум ачылып эле калды: сулуу, өзүн караган, татынакай айым. Жашы кырктарга келип калган. Тамак заказ берип коюп, уюлдук телефондо ашыгы менен сүйлөшүп баштады. Жанында отурган курбу кызы какап калды. Кантип жашың кыркка келип калса да сага ашык болгондор толтура? Сыры эмнеде?

 

 

Айым одоно берилген суроого тамашага салып кутулганга аракет кылды, менин көңүлүмдүн баары аларда эле. Сөздөрүн тыңшоо уят, бирок мага да өтө кызык болчу, кантип? Чынында кантип.

Сулуу болсо да биздин өлкө үчүн жаш эмес.

Өзүн жакшы караган болсо да, стандарттан 10-15 кг ашыкча салмагы бар.

Укканыма караганда ажырашкан, "прицеби" бар, баласы 11 жашта.

Анан эле италиялык бойфренди, жандаган жаш жигиттер. Кебетеси укмуш, өзүн эң сонун сезет.

Эч нерсе эмес, күтө турам. Азыр вино алышат. Эки бокал ичкенден кийин сырыңды төгөсүң. Аңдып отурам. Бекер күтпөптүрмүн. Айым чечилип дос кызына сөз баштады:

- Кантип деп сурап жаттың белең?

Дос кызы экөөбүз тең "Анан" - дей калдык. Ал катуу, мен ичимен.

- Сени "сүйрөй" албаган эркек менен байланышпа. Алар үчүн сен ар дайым анча эмес болосуң. Сени тартып чыкканын изде, моралдык, материалдык, сексуалдык жактан. Алар үчүн сен эң сонунсуң.

Менин балам бар. Көп эркектер мындан коркот. Алар бала көйгөй экенин жана менин курагымда талаптарымды кыскартуум керек экенин айтышчу. Жөн эле алардын каражаты бизге жетпейт болчу. Ал эми менин жаңы бойфрендим баланы көйгөй көрбөйт - колунда бар, баламдын чыгымдары ал үчүн арзыбаган нерсе.

Эгер эркек материалдык жактан камсыздай албаса, башкасын изде. Себеби ал үчүн сен ар дайым жаман болосуң. Анын колунан келбеген нерселерди сурайсың.

Эгерде сексуалдык жактан камсыздандыра албаса, көйгөйдү сенден издейт. Потенциясы жогору, либидосу күчтүү жашыраагын изде. Ал майда чүйдөгө көңүл бурбайт. Сексуалдык каалоосу жогору балдарды сенин ашык салмагың же жашың коркутпайт. Ушинтип мыкты жигит тапсаң болот.

Эгерде сага бирөө, сен ойдогудай эмес экениңди айтса, ойлонуп көр, балким ал сага туура келбейт.

20 жашыңда сени сүйрөй албагандар менен жүргөнгө убактың бар болсо, 40 жашта жок. 40 жашта убактыңды мыкты эркектерге гана короткуң келет.

Балким сага да башка мыкты бирөө керек?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.