Кыргызстандын курама командасы каратэ-до Шотокан боюнча чемпионатта чоң ийгилик жаратышты

Кыргызстандын курама командасы каратэ-до Шотокан боюнча 13-дүйнөлүк чемпионатта 9 медалга ээ болду. Турнир 19-21 июлда Градец-Кралове (Чехия) шаарында өттү. Мелдеште 52 өлкөдөн 1500 спортчу, Кыргызстандан 25 спортчу катышкан. Жыйынтыгында Кыргызстан 1 алтын, 1 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.

 

 

 
 

Facebook барагыбызга жазылыңыз