Кыргызстанда үйлөнүү үлпөт менен тойлор болбой калса эмне болот...

Бүгүн WhatsAppка ушундай бир маалымат орус тилинде келди, аны чыгарбаса болбойт деп ойлодук. Негизи, чындыгында ушундай да. Так кыргыздардын жашоосунан алынган. Автору ким экени белгисиз. Маалымат булагы да белгисиз.

Анда, эгер Кыргызстанда тойлор жоюлса эмне болмокчу:

 

 

1 айдан кийин – тамак-аш менен жер-жемиштердин баасы кескин арзандайт. Базарга азыктар толот – негизги сатып алуучу эми жок.

2 айдан кийин – Ресторан-Тойканалар жабылат.

3 айдан кийин – Унаанын баасы түшөт – базар эч кимге кереги жок Гелендваген менен Рендж Роверлерге толот.

Жарым жылдан кийин – Аялдар акыры өзүнө пайдалуу жана керектүү оокаттар менен алактене башташат.

1 жылдан кийин – Кыргызстандыктар чогулган акчасы көбөйгөнүн байкашат, коротуш керек – чет жакка эс алганы чыккандардын саны көбөйөт.

1 жарым жылдан кийин – товарлардын сапаты жакшырат – адамдардын талап кылуусу жогорулайт. Анткени алар бирөөнүн үлпөтүнө белекке эмес, өздөрүнө сатып ала башташты.

2 жылдан кийин – Экономикада көзгө көрүнөөрлүк көтөрүлүү болгону байкалат. Үлпөт индустриясындагы бизнесмендер бизнестин, экономикага жана калкка пайдалуу башка түрлөрүн ачышат. Акча табыш керек да.

 

3 жылдан кийин – акыркы жалган-ырчы жок болот.

5 жылдан кийин – ишкер аялдардын саны көбөйөт.

10 жылдан кийин – ажырашуулардын саны рекорддук төмөнкү белгиге жетет. Эч ким мактануу ирээтиндеги никеге барбай калды.

 

50 жылдан кийин – ата-энелер балдарына болбогон жомокторду айтып беришет: илгери ушундай бир ишчаралар болгонун, аякка такыр эле тааныбаган адамын конокко чакырганын жана үй-жайын 20 жылга күрөөгө коюп кредит алганын...

Эң башкысы, “Той качан?” жана "Тойго барыш керек!" деген сөздөр жоголот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.