Кыргызстанда өскөн 7 уулуу өсүмдүк

Биздин флорада жапайы өскөн өсүмдүктөрдун арасында уулуу өсүмдүктөр көп кездешет. Алар мал-жандыкты оорутуп жана өлүмгө алып келген учурлар кездешпей койбойт, адамдар үчүн коркунуч дагы туудурат, өзгөчө жаш балдар үчүн.  

Өсүмдүктөрдүн уулуулугу алардын химиялык курамынан, башкача айтканда, курамында күчтүү таасир этүүчү зат – алколоиддер, гликозиддер, эфир майлары жана башка уулуу заттардан көз каранды.

Бул заттар өсүмдүктөрдө өсүп турган кезде кайсы бир органдарында чогулат, адатта алар гүлдөп жаткан кезде өзгөчө коркунучтуу болот.

1. Уу коргошун

Уу коргошун (аконит) – анын башкача аты “Ыкык-Көл тамыры” – бул кеңири жайылган өсүмдүктүн уулуу экени байыртан эле белгилүү. Жаныбарлардын массалык түрдө уулануулары көп кездешет, ууланган адамдардын саны да аз эмес.

Уу коргошундун, Кыргызстанда кездешкен 9 түрүнүн эң уулуусу болуп каракол жана жунгар аконити эсептелет. Тоо кыркаларында өсөт, өзгөчө Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында көп кездешет. Өсүп турганда жана кургатылганы уулуу, курамында алколоид бар.

Уулануунун биринчи белгилери: ыктытуу, кабатырлануу, шилекейдин көп бөлүнүп чыгышы, жутуудагы оорчулук, алсыздык, баш айлануу, чыйрыгуу.

2. Байчечекей (Crocus)

Кыргызстанда эки түрү бар жана экөө  тең уулуу – булар сары жана шафран гүлдүү байчечекей. Байчечекей түрлөрү анын гүлдөрү менен айырмаланат, сары байчечекей бир гүлдүү болсо, шафран гүлдүүдө 1 – 3, кээде 5 болот.

Байчечекей эрте өсчү өсүмдүк, жазгы жайлоолордо, көбүнчө Кыргыз, Алай, Фергана, Чаткал тоо кыркаларында, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө өсөт.

Булар дагы өсүп турганда жана кургатылганы уулуу, курамында алколоид бар.

Адам ууланганда жүрөк айланып, кусуп, ичи өтүп, дем алуу кыйындап, териси көк тартат.
 

3. Меңдубана

Жалбырактары түктүү болгон, сабагы ылдый караган эки жылдык өсүмдүк. Гүлдөрү чоң, мөмөсү – эки уялуу кумараны элестеткен, ичинде кызгалдактын данектерине окшош данектер болот. Өсүмдүк былжырак келет, үйлөрдүн жанында, жол жээгинде, короодо өскөн отоо чөп.

Өсүп жаткан кезде жагымсыз жыты бар, ошондуктан малдар ага жолобойт. Меңдубана менен көбүнчө жаш балдар ууланышат, данектерин кызгалдактыкы менен алмаштырып алышат.

Ууланганда биринчи эле нерв системасына тийип, булчуңдар алсызданат, анан катуу дүлүгүү болуп, көздөр жалтырап, галлюцинация болуп, ар кайсы нерсени сүйлөп баштап, жана жаңжал чыгарат, акыры, оор учурда, дем алуу параличинин айынан өлүмгө алып барат.

 
4. Чаар уу балтыркан

Эки жылдык чөп өсүмдүк. Кыргызстанда массалык отоо чөп болуп саналат жана короодо, талаада, таштандылар арасында өсөт. Уу балтыркандын жер үстүндөгү бөлүгү сабизге, петрушкага, ал эми жер астындагы бөлүгү хренге, уруктары анистин уругуна окшош болот. Уулануунун себеби көбүнчө чөп чогултуудагы каталык. Жаш балдар аны жапайы өскөн сабиз менен алмаштырып алышат.

Ууланганды биринчи белгилери: ичтин оорушу, жүрөк айлануу, темтеңдеп басуу, демигүү, эсти жоготконго чейин алып келчү булчуңдардын тырышуусу.

5. Цикута

Көңдөй сабактуу көп жылдык өсүмдүк. Тамыры чоң, ичи көңдөй, жыты жакшы жана даамдуу, турупту элестетет. Көлөкө жерлерде, сазда, суу жээктеринде өсөт. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө жайылган. Бардык бөлүктөрү, өзгөчө жер астындагы бөлүгү уулуу.

Уулануунун биринчи белгилери: дененин ачышы, ооздогу таттуу-кычкыл даам, жүрөк айлануу, кусуу жана ичтин көбүшү, чыйрыгуу менен эстен тануу.

6. Гармала (Peganum Harmala)

Көп жылдык өсүмдүк. Сөңгөгү бутактуу. Жалбырактары көп, кочкул жашыл. Гүлдөрү ак-сары. Мөмөсү – үч уялуу кутуча. Тоо этектеринде топтошуп өсөт.

Ууланган адамдын нерви дүүлүгүп, дем алуусу бузулат, дене жана булчуңдар титирейт.

7. Дарылык кашка беде

Тоютка, тамак ашка жана дарычылыкка колдонуучу отоо чөп. Республиканын бардык аймагында, суу жээктерде, арыктарда, жолдордо өсөт

Ууланганда, денеден кан точкалар пайда болуп, кандуу ич өтөт, жалпы алсыздык болуп, басыш оорлойт, тарамыштар түйүлөт.

 

«Лекарственные растения Киргизии»,
П.К.Алимбаева, Ж.С.Нуралиева, 3.С.Арбаева

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.