Кыргызстанда 3-революция болушу мүмкүнбү?

Кыргызстанда 3-революция болобу деген ойлор саясатчыларды гана эмес жөнөкөй жарандарды да акыркы убакта ойлондуруп келе жатат. Коррупциядан, бийликтин алсыздыгынан, жумушсуздуктан, тажагандыгын жана Кыргызстанга тез арада олуттуу реформа керектигин айтып чыккандар социалдык тармактарда жүздөп саналат. Алардын саны күн санап өсүүдө. Карапайым калктан баштап аттуу баштуу элге таанымал инсандар дагы бар.

 

 

 

Буга эмне түрткү болду? Себептер өтө көп. Канча бийлик алмашпасын кыргыз экономикасы ташбакадан да жай жылып жаткандай. Кайсы тармак болбосун баарынын абалы мышык ыйлай тургандай,  медицина, билим берүү, чек ара, айыл чарба деги койчу бардык жагынан Кыргызстан сазга батып бараткандай. Бул нерсени статистика деле айтып турат. Союз тарап, эркиндик алган 15 мамлекеттин эң артында калдык.

 

Башынан жыргап келатпаган абалды акыркы окуялар дагы күчөтүп жиберди, пандемия, чек арадагы байма-бай атышуулар, чиновниктердин эбегейсиз байлыктары элдин кыжырын келтирүүдө. Дүйнөлүк пандемия дагы өлкөбүздүн экономикасына чоң сокку урду, аны менен кошо 2 ай карантинде отуруп калган элдин абалы да начарлап бийликке болгон нааразычылыгы күчөп кетти. Эмнеси болсо дагы өлкөбүзгө тынчтык гана керек...

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.