Кыргыздарга гана тиешелүү 14 өзгөчөлүк

Ар бир улуттун башка улуттардан айырмаланып турган өзгөчөлүгү болот эмеспи. Кыргыздардыкы дагы бир топ экен.

Биз бул сапар чекесин гана чыгардык.

Анда эмесе алдыда кыргызды кыргыз кылган анын 14 өзгөчөлүгү.

1. Апасы жыгылган баласына: ”Жыгылба дебедим беле!” деп чокуга чабат.
2. Биздин гана ата-энебиз балдарга: “Эмки жылы дагы кийесин” – деп 1-2 размер чоң кийим алышат
3. Биздин гана өлкөдө аялдар кымбат бутикке кирип, бааларды “Дордойдун” баасы менен салыштыра башташат.
4. Бизде гана, чөнтөктөн өлөюн деген телефон алып чыгып жатып: ”Да так, для связи эле алгам” – деп актанат.
5. Бизде гана ным салфетка менен биринчи бетти аарчып, анан колду, сумканы аарчыйт. Акыры аны менен бут кийим сүртөт.
6. Дагы бизде бир жолу колдончу сакал алгыч менен бир нече жолу колдонот.
 
7. Бизде гана акча төлөбөш үчүн, маршруткада, 10 жашар баланы 4 жашка жашартат.
8. Бизде гана, айткан тамашасы жакшы болбой калса, “Дээвеле!” деп кутулуп кетет.
9. Биздин гана ата-энелер, ”Коноктор кеткенде жейсинер!” деп балдарына конфет жедирбейт.
10. Бизде гана, биринчи келинди ала качат, андан кийин аны менен таанышат.
11. Бизде гана “мырктарды” “мырктар” “мырк” деп аташат.
12. Бизде гана кара каштуу “блондинкалар” болушат.
13. Биз гана түнкү саат үчтө туруп, апабыз тойдон алып келген устукан менен чай ичебиз.
14. Бизде гана конок кеткенден кийин: ”Өзбек кетип өз калдык, эми өзүбүзчө нормально отуруп чай ичели” дейт.

Мына ушундай бир кызыктуу калкпыз, кыргыздар!