Кыргыздар эмне рекордду жаратышты: Кыргыздын гиннес китеби

Төмөндө жалаң Кыргызстандыктар жараткан рекорддор топтолду. Бул маалыматтар "Кыргыздын гиннес китеби" аттуу китептен алынды. Албетте, бул эмгектин башталышы гана, алдыда Кыргызстандыктар жараткан рекорддор дагы да арбып дүйнө элин таң калтырары анык.

 

 

Эң жаш СССРдин эл артисти болгон Чолпонбек Базарбаев. Бул наамды 23 жашында алыптыр.
Эң жаш музыкант — Эмил Атагелдиев (1977-ж.т.). 5 жашынан пианинодо ойноп баштаган. Париж, Италия, Израилдеги чоң конкурстарда жогорку сыйлыктарды алган.
Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар — Ош. 2000¬ж. анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ.
Эң узун радиотасма 1960-ж. жазылган. Ошол жылы режиссер Турсун Уралиев үч ай бою манасчы С. Каралаевден “Манас” эпосун 45 миң метр радиотасмага жазып алган.
Айрым пикирлер боюнча эң узун кыргызча сөз - тегирменчиникиндегилерденсиздерби? - деген суроолуу сөз. 33 тамгадан турат.
Эң көп жер-суу аттары жолуккан чыгарма — ”Манас”. Мында 500дөн ашык географиялык аталыш бар. Эң көп библиографиясы бар чыгарма да “Манас”. Бул эпоско арналган илимий, көркөм ж.б. эмгектер 3 миңден ашат.
Эң көп обон чыгарылган ыр — эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Унутпаймын” деген ыры. Ал ырга 5 автор — Р.Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.
Эң көп обон жараткан (700дөй) композитор, обончу — Жумамүдүн Шералиев. Ал Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алгачкы солисттеринин да бири.
Эң көп псевдоними (каймана аты) бар акын — Рамис Рыскулов. Өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөз бетине чыгып жүрөт.
“Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир киноактёр — Сүймөнкул Чокморов.
Эң көп депутат болгондор: Турдакун Усубалиев СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине 28 жыл бою депутат болгон.

КР Жогорку Кеңешине депутат болуп 1992, 1995, 2000-жылдары да шайланган. Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Советине удаасы менен 9 жолу депутат болуп шайланган. Андан кийинки орун Жамин Акималиевге таандык. Ал удаасы менен 7 чакырылыштын депутаты болгон.

Комуз күүлөрүн таржымалы менен эң көп билген комузчу – Нурак Абдрахманов. Ал 170 күүнү жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.
Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапты аткара билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксафон ж.б.). Ал тил билүү боюнча да рекордсмен (14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.
Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик - Ташрабат. 15-кылымда курулган.
Өтө сейрек учуроочу тубаса кооз тембрлүү, чабыты кенен үн — күркүрөгөн добуштуу (бас) ырчылар дүйнөдө үчөө болсо, анын бири Болот Миңжылкиевдики болгон.
Экөө тең министр, экөө тең профессор болгон жубайлар Кулубек Бөкөнбаев менен Ишенгүл Болжурова.
200 сомдукка акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлүп, арткы бетине анын төрт сап ыры жазылган. Улуттук валютага ыр түшүрүү практикасы башка элде болгон эмес.
Дүйнөлүк тарыхта 1-жолу асфальт жолдо өтө алыс аралыкка (Стамбулдан Таласка чейин) ат чабуу супермарафону 1995-ж. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн.
Эң кыска «өмүр сүргөн» гезиттер «Арият» (1 эле саны чыккан), «Политика» (2 саны чыккан)

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.