Кыргыз-Тажик чек арасында чынында эмне болуп жатат?

2 күн мурда башталган эки элдин чыры азыр да курч бойдон турат. Алгачкы күнү бир кыргыз жаранынын бутуна ок тийип ооруканага түшсө дагы 5-6 жаран ар түрдүү жеңил жаракаттарды алышкан.

 

 

Чек арада жайгашкан 2 айылдын эли кадимкидей эки тарап болуп согушуп жатышканын жергиликтүү калк билдирип жатышат. Кетмен, күрөк көтөргөн эл, бири-бирине таш ыргытып мушташууда. Арасында курал көтөргөндөр да бар. Тажикстандын маалымат таратуу борборлору алардан дагы 1 киши октон жараат алып, 15тен ашыгы майда жараат алышканын айтышууда.

Чырдын башталганына 3-күн болуп калса да эмнеге бийлик тараптан атайын барып чечмек турсун аракет да кылбай жатышат? Кичинекей чыр барып отуруп чоң жаңжалга айланып кеткенден кийин токтотуш кыйын болуп калбайбы? Айрым атка минээрлерибиз мындай чыр кадимки эле көрүнүш, илгертен бери эле болуп келген деп коюп жылуу жерде отурушат козголбостон!

Демек, эң башкы суроо эмне үчүн мындай чырлар чыгып жатат? Чек ара такталбагандыктан! Кыргыз-тажик ортосунда 300 чакырымдай жер такталбастан ушул күнгө чейин турат. Эмне үчүн бийликтегилер ойлонушпайт? Эгемен алгандан бери канча жыл өттү эмнеге кымындай жерди тактап койгонго алы жетпесе анда эмнебиз мамлекет? Күн жылып, жер айдоо маалы келгенде карапайым эл тажиктер менен согушуп жүрүшү керекпи!? Бийликтин алсыздыгынан жөнөкөй эл жабыр тартышы керекпи!?

Facebook барагыбызга жазылыңыз