Кыргыз сому тууралуу кызыктуу фактылар

 

 

 

 

Кыргыз сомунун купюралары 100% пахтадан жасалган. Анткени пахта целлюлозадан айырмаланып, 5 миң мертебе бүктөмгө чыдайт. Ал эми целлюлоза кагазы 80 бүктөмдөн кийин эле айрылып калат. Пахтадан жасалган купюранын өмүрү 1 - 5 жылга чейин созулат.
Монеталардын өмүрү 5-8 жылды түзөт. 1, 3, 5, 10 сом номиналындагы монеталар никел жана болоттон жасалат. Ал эми 1, 10, 50 тыйын номиналындагы монеталарга болот менен латунь колдонулат.
Кыргызстандын монеталарын Казакстандын монета сарайы чыгарат. Ал эми банкноттор ар кайсы өлкөлөрдөн чыгарылып жүрөт.
Сомдун ар кайсы номиналдары үчүн атайын пахта кагазы Улуу Британия менен Франциядан жасалат. Бул кагаздарды жасоодо алгачкы коргоо белгилери – мисалы, суу белгилери менен коргоо жиптери кошо жасалат.
Сомдор Францияда жана Мальтада басылып чыгат. Кагазга сүрөт түшүрүү процессинде банкнотторду коргоо элементтеринин негизгилери – голограммалар, рельефдик басуу, түстүү айырмалоочу боёктор кошо берилет.
2010-жылы чыгарылган 5000 номиналындагы купюра эл аралык конкурста “Жылдын банкноту” мыкты наамына татыган.
Кыргыз банкнотторуна жаныбарлардын сүрөттөрү да түшүрүлгөн.
* Кыргыз банкнотторунун кооздугу – анда асан-үсөндүн (Радуга) бардык түстөрү камтылгандыгында.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.