Кыргыз менен Кытай эмнеге чырдашууда?

Кыргызстанда акыркы күндөрү кытайлар тууралуу абдан талкуулар көп болууда. Мунун себеби эмнеде? Интернетке кирбегин, юутуб болобу, whatsapp болобу бардык жагында кытайларга катуу жинденген жаштардын талкуулары көбөйдү. Бир башкы себеби Кытайдын Шинжаң аймагында "тарбиялоочу лагерлерде" камалып жаткан 50 миңдей кытайлык кыргыздар болууда. 

 

 

Миңдеген кыргыздар эмне себептен камалып жатканын Кытай бийлиги түшүндүрмө берген жок. Башка маалыматтарга ылайык Кытайда ислам динин тутунган бардык улуттарды терроризмди алдын алуу деп кармап жатышат. Анын ичинде өзгөчө исламга берилген уйгур улутундагыларды жүз миңдеп кармашып алар менен кошо казак, кыргыз жана башка улуттар да камалып жатышат. Жана ошондой эле Кыргызстанда акыркы убакта орун алган окуялар да түрткү болду. Кытай жараны кыргыз жаранын өлтүрүп коюп сот жообуна тартылбай каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө жана жергиликтүү бийликке акча берип ишти жаап салган фактылар катталды. 

 

 

Кыргызстанга Кытайдын миңдеген жарандарынын агылып келүүсү жана аларга кыргыз кыздарынын ойлонбой тийип кетип жаткандары кыргыз жаштарынын жинине тийүүдө. Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстанда кытайлыктардын бир нече ишканалары бар. Ишканада кытайлар кыргыз жарандарын каалагандай шылдыңдашып, сабап койгонго чейин барып жатышканын өз көзү менен күбө болуп келген жарандарыбыз айтып беришүүдө. Ансыз да өлкөбүздө жумушсуздук күчөп турган маалда кыргыздар жумушун жоготуп алуудан коркушуп аларга каршы чыга алышпайт экен.

Акыркы учурда ушул көйгөйлөр интернет баракчаларында катуу талкууланып, whatsapp тайпалар ачылып, ал жактагы жаштар козголуп араң эле турушканын көрүүгө болот. Дээрлик ар биринин кытайлар менен байланышкан терс окуялары бар. Алардын пикиринде кыргыз бийлиги алсыз болууда, жана кандайдыр бир жардам болооруна ишенишпейт..

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.