Күйөөсүнө бакыт тартуулаган айымдар. Алар ким?

Эркек үчүн жашоодогу эң негизгиси - өз жумушун жана өз аялын табуу.

Кээде аялды табуу маанилүүрөөк; ал аркылуу эркектин тагдыры ачылат. Жана чоң бакыт - бул бакыт алып келген аял менен таанышуу. Эгер аны жолуктурсаңыз, анда анын канча жашта экендиги, сулуу экендиги, жеңил мүнөзү бар экендиги маанилүү эмес; эркекке так ошол аял керек. Анан ал аны жүрөгүнөн дароо тааныйт. Ал сүйүп калат.

 

 

"Чөкпөс Молли", чөгүп бараткан Титаниктеги эрдиги менен белгилүү болгон Молли Браун жаш кезинде бай адамга күйөөгө тийгиси келген - өзү жакыр бүлөдөн болгондуктан. Бирок кийин ал кедей адамды сүйүп калып, ага турмушка чыккан; ал кезде мындай ойлонгон - биз байыш үчүн чогу аракет кылышыбыз керек! Ал колунан келгендин баарын жасаса керек, анткени күйөөсү жашоодо өз ордун таап, жомоктогудай байып кеткен.

Агата Кристи экинчи жолу жаш археологго турмушка чыккан; күйөөсү өзүнөн 16 жаш кичүү болчу! Ал кезде бул көрүнүш бул болуп көрбөгөндөй нерсе болгон. Агата өзү жаш эмес жана сулуу да эмес болчу. Бирок ал күйөөсүнө чоң бакыт тартуулады: белгисиз археолог Агата кеңеш берген жерде археологиялык казууларды баштап, чоң ийгиликке жеткен. Байыркы падышалыктын калдыктарын таап чыгып, көптөгөн байлыктарды казып чыгып; атактуу болуп, бай адамга, кадыр-барктуу илимпозго айланган.

Жозефина, Наполеонго ишенимсиз болгонуна карабастан, анын тагдырына ушунчалык зор таасир тийгизгендиктен, жөнөкөй кызматкерден баштап ал императорлукка чейин жетип, дүйнөнүн жарымын багындырган. Анан экөө ажырашып кетишкен соң - бакыт Наполеонду таштап кеткен ...

Ошентип, эркекке чыныгы бакыт тартуулаган аялдар бар. Мындай аялдар дээрлик бардык эле белгилүү кишилерде болгон.

Эң башкысы, өз аялыңызды таап, ага эртерээк үйлөнүү керек. Ал көрсөткөн жерди казыңыз: сөзсүз түрдө алтын кени же башка байлыктарды табасыз: бакыт, байлык, атак-даңк жана өнүгүп өсүү өзү эле келет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.