Күйөөңүзгө канткенде идеалдуу аял боло аласыз?

Ар бир эле аял өзүнүн күйөөсүнүн сүйүүктүүсү болгусу келет. Негизги уруш-талаштар күнүмдүк нерселерден, майда талаш-тартыш, түшүнбөстүктөн улам келип чыгат экен. Ар бир жаңжал түгөйлөрдү бири-биринен алыстатып, ортодогу мамилени суутат.

 

 

Бара-бара бири-бирин сыйлоо жоголуп жөн гана кайдыгер адамдардай, балдар үчүн жашап калышканын өздөрү да сезбей жылдар өтө берет.Бирок ортодогоу мамилени жөнгө салууга эч качан кеч эмес. Сиз мамиленин сууп баратканын байкасаңыз же жаңы турмушка чыккан болсоңуз анда төмөндөгү жөнөкөй нерселерди аткарып күйөөңүзгө идеалдуу аял боло аласыз.

 

Үйдөгү күнүмдүк жумуштарды жасап жатканыңызды жолдошуңузга милдет кылбаңыз. Өзүңүзгө тийиштүү болгон жумуштарды сүйүнүү менен аткара бериңиз, жана ошол эле маалда өзүңүздүн ишиңизди, хобби болобу эмнеге кызыксаңыз аны таштоонун кереги жок. Сиз ага эч качан атаандашпаңыз, анын жетишкендиктерине көз артуу менен карабай, кубанышыңыз керек. Анын жеңиши сиздин да жеңишиңиз.

 
Тамак жасаганда билиңиз

Жөн гана жасаш керек деген ой менен эмес чын дилиңизден тамакты жасаңыз. Ал тамак даамдуу болот. Күндө түрлүү тамакты жасоонун деле кереги жок, болгону жолдошуңуз кайсы тамакты жакшы көрөт билип алыңыз да ошону баттан жасап берип туруңуз.

 
Сүйлөшүңүз

Жолдошуңуз эмнеге кызыгат, анын дүйнөгө болгон көз карашы кандай сүйлөшүү аркылуу билип алганыңыз жакшы. Кийин эмне тууралуу сүйлөшкөнгө оңой болот. Жумуштан келгенде көңүлдүү тосуп алыңыз. Телефон чукулап отуруп калбай сураңыз күнү кандай өткөнүн. Көбүрөөк сүйлөшүү керек, чогуу отуруп кино көрүп аны талкуулаңыздар. Бул нерсени күйөөсү эртеден кечке жумушта жүргөндөр сөзсүз жасоосу керек, анткени жолдошуңуз менен болгону кечинде гана көрүшүп жатпайсыздарбы!

Facebook барагыбызга жазылыңыз