Күйөөңүз сизден белекке алгысы келген кыялындагы 10 белек

Эркек сүйүктүү айымына белек бергиси келгенде, тандоо аз да болсо түшүнүктүү: кийим, зер буюмдар, техника. Булар бардык эле айымдарга жагат! Ал эми эркекке белек тандоо кыйынчылык жаратат. Байпак менен сакал алгыч – өтө жөнөкөй, жаңы перфораторду баары эле колдоно бербейт. Кейибеңиз! Сиздин эркегиңизге жага турган 10 нерсенин тизмесин даярдап койдук.

 

 

1. Ал жакшы көргөн нерсесин жасап бериңиз

Ал, сиз кылганды каалабаган нерсени кылдыргысы келбейт. Бирок бир жолу өз принциптериңизден чыгып, каалаган нерсесин жасап койсоңуз, аны өзүн өзгөчө жана сүйүктүү экенин түшүнгүдөй кыласыз. Мисалы, футболго билет алып бериңиз жана чогуу барыңыз.

2. Жаңы үй-бүлөлүк традиция

Белек берип, аны колдонууну традиция кылып алыңыз. Мисалы, велосипед-тандем белек кылып жана дем алыш күн сайын чогуу тээп, сейилдегиле.  

3. Мааниси бар белек

Мыкты белек жөнөкөй жана арзан болушу мүмкүн. Балким сиздин жалпы бир тамашаңар бар. Ошону эскертип тургандай белек кылыңыз. Мисалы, мааниси силер экөөңөргө гана түшүнүктүү болгон фраза жазылган кружка.

4. Эсте калардык саякат

Коңшу шаарга саякат – көңүл ачуу үчүн макты идея. Эч жакка баргыңыз келбей атабы? Анда экзотикалык тамак жасаңыз жана өзгөчө кылып бериңиз. Бул көпкө эсте калат.

5. Окуу!

Ал кыялданып жүргөн, гитарада ойноо (программалоо, англис тили ж.б.) курсун белекке берүү менен, анын көздөгөн максатына тезирээк жетишине салымыңызды кошосуз. Анан дагы ага ишенээриңизди билдиресиз.

6. Кезигүү (свидание)

Чогуу жашаганыңарга 100 жыл болсо жана көптөн бери бир жерде отура элек болсоңор, аны колго алсаңыз болот. Күйөөңүзгө чалып, жолугууга үйдөн сырткары жерге чакырыңыз. Өзгөчө бир нерсе ойлоп табыңыз.

 
7. Гамак

Элестетиңиз, күйөөңүз кандай сүйүнөөрүн, эгер балконду эс алуу бөлмөсүнө айлантып гамак илип койсоңуз. Айтмакчы, орун ээлебеген, оңой илинип-чечилчү моделдери болот.

8. Комплименттер

Кандай гана каардуу эркек болбосун, аялынын оозунан жылуу комплимент уккусу келет. Аны эч качан сизден суранбайт, ошондуктан анын адресине бир-эки ооз эркелеткен сөз айтып коюңуз. Көңүлү көтөрүлүп калат.

9. Техника

Эркектер техниканы жана жаңы чыккан нерселерди сүйүшөт. Сөзсүз эле жаңы чыккан PlayStation бериш эмес, сүйүктүүңүздү чөнтөк зарядка же смартфон үчүн объектив менен кубандырсаңыз болот.

10. Сүйүү каты

Аны канчалык катуу сүйөөрүңүздү жазыңыз. Деталдардын, жана узун каттын кереги жок – кыскача эле. Чөнтөгүнө салып койсоңуз, өзү баарын түшүнөт.

Эсиңизде болсун: башкысы – эмне берип жатканыңыз эмес, кандай ниет менен берип жатасыз. Сүйүктүүңүзгө майрамдарда эле сюрприз кылбаңыз, биздин жашоонун ар бир күнү өзгөчө болуш керек. Бул абдан жогору бааланат.