Күйөөм дубаланып калганда... Дубаланган эркектин белгилери

Күйөөмүн дубаланып калганын кайдан билейин,  акыркы кезде мүнөзү өзгөрүп, мага ороңдоп, бала-чакасын кагып-силкип калганынан  “ооруп жүрөт, чарчап жүрөт” деп койгом. Көрсө, өзүнүн кара чечекей апасы, кайненем дуба жасатыптыр.  Болгондо да  ит менен мышыктын жүнүн ороп экөөбүзгө окутуп келип, үйүбүзгө таштап кетиптир. Ит менен мышыктай тытышып, ажырашып кетишсин деген экен. 

 

 

 Жолдошумдун кебетеси карарып шалдырап ооруй баштаганынан улам доктурга көрсөтсөк кан басымы  ылдыйраак, каны аз, болбосо баары жакшы дешти. Бирок ал оруй бергендиктен молдого дем салдырдык. Андан деле жыйынтык чыкпады. Акыры бир “дуба тазалайт” деген орус аялга  кайрылдык. Ошол аял айтып атпайбы, “бул дубаланган адам, дубасы күчтүү” деп.  Дубаланган эркектин белгилерин айта кетейин:

 

 

 

1. Жаңы дубаланган учурда ал-ахыбалы кескин начарлайт. Алсызданып, ооруп, оозуна кара суу келип, башы айланып, кусушу мүмкүн. Ичи өтөт, анткени вирус кирип кеткенде организм күрөшөт го, так ошол сыяктуу дубаланган адамдын дагы организми дагы кара дуба менен күрөшө баштайт.

2.  Өнөкөт эски ооруулар козголот, акырындап жаңы илдеттерге чалдыга баштайт.

3. Мүнөзү өзгөрүлүп, эрктүү, чечкиндүү жигит бир паста жүдөп-какап, не кылаарын билбей байкуш болуп калат. Кыжырданып, түнт болуп кетет.

4. дубаланган адам сүйлөгөнүнөн дагы байкалат. Ал сүйлөй албай,  такалып, сөзүнөн адашып,  баштайт. Не деп сүйлөөрүн унутуп калат.

5. Агрессивдүүлүгү күчөйт. Мурда  жароокер болсо дубалангандан баштап уруш чыгарып, кыйкырып өкүрүп жиндене баштайт. Каарданып, ыргытып, тепкиленип, жан дүйнөсүн боштук ээлеп, алы жок кулап калат, жер муштап ыйлайт.

6. Жакын адамдарына такыр көңүл бурбай калат. Жакын адамдарынын ишине, жашоосуна кызыкпай калат.

 

 

 

Facebook барагыбызга жазылыңыз