Курма эмнеси менен коркунучтуу? Операция столуна жатып калбаш үчүн эмнени биле жүрүш керек

Жакында эле россиялык 30 жаштагы келин аз жерден курманын айынан бул дүйнө менен кош айтыша жаздады. Ал аял чийки тамак-аштын сүйүүчүсү экен. Акыркы кездерде курмага аябай берилип кеткендиктен ашказанында, медицинада безоар деп айтылган – чоң кесек комок пайда болуптур.

Врачтар аны операция жолу менен алып чыгуу үчүн көп эмгек жумшашты. Көрсө, эгер курманы көп санда жесе, ашказанда ушундай комоктор пайда болушуна өбөлгө түзүлөт экен.

 

Иштин баары курманын кабыгында. Анда өтө көп танин – илээшчек жана жабышчаак, өсүмдүктөн чыккан зат бар. Бул таниндердин өзгөчөлүгү – ашказандын спецификалык чөйрөсүндө уюп калган гелди чогулта алат. Бул гел өтө тыгыз жана клетчатка менен белоктон турат. Убакыттын өтүшү менен анын суусу бөлүнүп чыгып, ого бетер тыгыз болуп калат. Кийинчерээк, ашказандан чыгып ичегинин бир жерине барып такалат.

Олуттуу коркунучту ашказанынан жана ичегилеринен операция болгондор жаратат.

Курма көптөгөн микроэлементтерди камтыйт – ал жагынан алмадан эки эсе ашат! Курма калкан без, кан жана онкологиялык оорулардын алдын алуу үчүн өтө пайдалуу. Бирок, баарында чен болуш керек.

Врачтар бир күндө курманын эки мөмөсүнөн ашык колдонбоону сунушташат. Алдын ала, үч күнгө муздаткычтын тоңдургучуна салып койсо – таниндин санын азайтат, дешет. Айтмакчы, бул курманын даамын дагы жакшыртат.