Күнүгө буттарды дубалга такап, өйдө көтөрүп жатуудан эмне пайда алса болот?

Күнүгө буттарды дубалга такап өйдө көтөрүп жатып эс алуу кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Бирок врачтар башка көз карашта. Чынында, бул поза биздин ден соолук үчүн көптөгөн пайда алып келет.

Бутту көтөрүп эс алуунун кандай пайдасы бар?

 

Буттун шишигин азайтат

Буттун шишиши дайым кан айлануунун начарлыгы менен байланыштуу. Бул көнүгүүнү күндө кылып турса, ал бутта кан айланууну нормалдаштырганга жардам берет.

Чарчаган буттар синдромунан арылтат

Дубалга такап бутту көтөрүү, буттагы күндө сезилип турчу оорчулуктан арылтат. Кечке шиш така кийип жүргөндөн кийин колдонсо, бул эң мыкты ыкма.

Айыз убагындагы ооруну жеңилдетет

Бул көнүгүү курсакты максималдуу бошоңдотот жана жагымсыз сезимдерден арылтат. Бул позада жок дегенде бир мүнөт жатыңыз.

Тамак-ашты жакшы сиңирет

Бутту өйдө көтөрүү менен ичегилердин кыймылдашына шарт түзсө болот, ал тамакты жакшы сиңиргенге жардам берет. Ошондой эле бул поза убакыттын өтүшү менен адамды ич катуудан дагы арылтат. Жана дагы геморрой үчүн эң мыкты профилактика.

 
Варикоз профилактыкасы

Колдон келишинче буттардагы кандын жай жүгүрүшүнөн сактаныш керек. Бутту көтөрүп, дубалга такап жана бир аз титиретип туруңуз.

Психологиялык жымжырттык

Бул поза физикалык жеңилдик гана алып келбестен, моралдык тынчтык дагы алып келет. Көнүгүү адамды жагымдуу абалга чөмүлтүп, гармониядан ыракат алганга  жардам берет.

 
Көнүгүүнү кантип кылыш керек

Дубалга жакын жатыңыз, белиңизге жаздык коюп койсоңуз жакшы болот. Буттарды дубалга такап көтөрүп, колдорду эки жакка жайыңыз. Көнүгүүнү бир мүнөт убакыттан баштап, акырындык менен узартыңыз. Көнүгүүнү кылуунун максималдык убагы – 7 мүнөт.

Эгер көнүгүүнү дубалдын жардамы жок жасасаңыз, бутту көтөрүп-түшүрүү менен пресс булчуңдарыңызды да чыңаса болот.

Каршы көрсөтмөлөр: бел менен көйгөйлөр, гипертония.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.