Күн сайын чеснок жесе эмне болот?

Чеснок-ачуу пияз бул-400дөн ашуун биологиялык элементтерди өзүнө камтыган өзгөчө жашылча. Күн сайын жесе болобу? Канча өлчөмдө? Организмге кандай таасир берет? Мына ушул суроолорго азыр жооп аласыз.

 

 

Чеснокту бышырбай чийки бойдон  жеш керек. Анда аллицин деген зат бар, ал дезинфекциялоо касиетке ээ. Оозго киргенден баштап сиңгенге чейин организмдеги зыяндуу бактерияларды өлтүрөт, мисалы: хеликобактер пилори, сальмонеллы, стрептокок жана стафилокок.

Бул ачуу пиязды күндө жеген адамдын кан айлануусу жакшырып, ичкерип кеткен кан тамырлар жөнгө салынып, зыяндуу холестериндер жоголот. Болгону күнүнө бир даана чеснок жетиштүү болот

 

Бардык вирустук ооруларды алдына алат. Муну күн сайын колдонгон адам башкаларга караганда 60 пайызга азыраак тумоо менен ооруйт. Иммунитетти күчтөйт. Жана да изилдөөлөргө таянсак дайым чеснок жеген адамда онкологиялык оорулар менен ооруп калуусу 20 пайызга аз болот.

Ошондой эле ашказан, ичегилерге да чоң пайдасы бар. Ашказан алдындагы бездин иштешин нормалдаштырат. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ичтин катуусун алдына алат. Бирок ашказан жарасы, гастриттин оор түрү менен ооругандарга чеснок жегенге болбойт. Доктур менен кеңешип анан колдонушу керек.

 

Бул диеталык тамак болуп саналат. Калорий аз өлчөмдө. Тери алдындагы майларды жок кылат. Күнүнө болгону 1 же 2 даана жесеңиз туура болот.

Ашыкча жеп салса да зыянын тийгизет. Ашыкча жеп алган адамдын башы ооруйт, кускусу келет, ичи өтөт, температурасы көтөрүлөт.

Мына бул жашылча ачуу болгону менен кандай пайдасы чоң экенин билип алдык. Күн сайын чийки бойдон жегенге аракет кылыңыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.