Кучакташып уктоо ден соолукка пайдалуу экенин окумуштуулар далилдешти

Кучакташып уктоо чындап эле ден соолукка пайдалуу. Мындай тыянакка американын окумуштуулары келишти. Ошондуктан, ар кандай графиктин айынан, же төшөк талашканды жаман көргөндүктөн эки башка бөлмөдө уктаганды жакшы көрсөңөр, мындай кылганды токтоткула!

 

 

 

Доктор Венди Троксел, Питтсбург Университетинин психиатрия бөлүмүнүн профессору мындай дейт:

“Уйку адамдын ден соолугу үчүн өтө маанилүү. Саламат уйкудан жүрөктүн иштеши жана психикалык саламаттык көз каранды. 2009-жылы өткөн изилдөөлөргө таянсак, кучакташып уктаган эрди-катын, экспериментке катышкан жалгыз бой “коллегаларына” караганда түнкүсүн азыраак ойгонушуп жана, негизи эле бейпил уйкуда болушкан”.

Чогуу уктоо маселеси толук изилденип бүтө элек, бирок окумуштуулар, кучакташып уктаган жубайлар бири-бирине коопсуздук сезимин жеткире алышат, ал болсо өз учурунда “стресс гормону” катары белгилүү болгон картизолдун деңгээлин азайтат деп жыйынтык чыгара алышат. Ошондой эле, бир төшөктө жатуу менен ар кайсы сезгенүү процесстерине катышкан цитокиндин деңгээди азайып, окситоциндин деңгээли көтөрүлөт. Бул, мындайча айтканда, уйкунун циклине жооп берген жана чочулоону жок кылган, сүйүү гормону.

 

Ошентип, өнөгүңүздүн коңуругунан же төшөктү тартып алганда ойгонуп кеткен күндө да, организм үчүн жалгыз уктаганга караганда көбүрөөк пайда аласыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.