Крокодилдин терисин кантип алышат. Чачты тик тургузган кадрлар! (фото+видео)

Бүгүнкү күндө, дүйнөдө миллиондогон кыздар белгилүү бренддерди кыялданышып, крокодилдин терисинен жасалган сумкалардын же өтүктөрдүн ээси болгулары келишет. Чоң фирмалар жыл сайын крокодилдин терисинен көптөгөн буюмдарды сатышып, миллиарддаган кирешелерди таап жатышат. Тилекке каршы, алардын бизнеси кан менен азап чегүүдөн курулган. Алардын аксессуарлары кандай жол менен даярдалганын көргөн модницалар, балким, эсин жоготушмак.

 

Бул материалдар Вьетнамдагы крокодил фермасында, жаныбарларды коргоочулар тарабынан тартылган. Алдын ала эскерте кетели: сүрөттөр жана видео сизди шок кылышы мүмкүн!

Бул анча чоң эмес көлмөдө жүздөгөн, балким миңдеген крокодилдер жашашат. Өздөрүнүн кыска өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн рептилиялар ушундай шарттарда өткөрүшөт.

Чоң крокодилдер ушундай кичинекей клеткаларда жашашат, ал жерге керек болсо узунунан да батпай калышат. Үстүндө дат баскан темир тор, астында кир суу – жүрөктү айланткан, жалгыздар камерасы!

Бардык эле фермаларда крокодилдерди алдын ала электр тогу менен урдурушат. Ток менен урулган жаныбар, касапчылар келгенде коргонгонго алы калбай калат. Анан чыныгы азап башталат...

Крокодилди столго жаткырып алып, моюнунун үстүнкү тарабынан, башкача айтканда, тескерисинен мууздашат, анан аркасына узунунан темир шиш кагышат. Сойгондун адамгерчиликтүү ыкмасын деле колдонушса болмок экен.

Ал аз келгенсип, жаны чыга элек крокодилдин терисин сыйрып алышат. Ферманын кызматкерлери, мындай мыкаачылыктан кийин дагы бир топ убакыт жаныбарлар тирүү болушаарын айтышат. Мындай ырайымсыз иштин күбөсү болуп калган биологдун сөздөрүнө ишенсек, рептилия дагы эки саат узак жана кыйналган агонияны башынан өткөрөт.

Өтө сезимтал болсоңуз видеону көрбөй эле койгонуңуз туура!

 

Крокодил терисинен буюм жасаган компаниялар мындай практика колдонбостугун айтышат. Бирок, жаныбарларды коргоочулар, бизнесмендердин мындай куу жообуна ишене беришпейт. Чынында, мындайды көргөндө, адамдардын кылыгы үчүн уялат да экенсиң...

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.