Көздүн тартылышы эмнени билдирет. Жаман белги болушу мүмкүнбү

Нервдик тик мезгил-мезгили менен ар бир адамга "чабуул" кылат. Көбүнчө, ал көздүн төмөнкү тарабы титиреп, тартканда көрүнөт. Нерв тикинин өзү илимий жактан төмөнкүчө аныкталат: нерв тики булчуңдардын тез, эрксиз, монотондуу жыйрылышы.

Кыргызда көз тартканда сүйүнөсүң же ыйлайсың деп жоромолдоп коюшат.

Чынында бул эмнени билдирет?

 

Доктурлар көздүн тартышын миомимия деп аташат. Бул нервдик тиктин өзгөчөлүгү, ал көздүн үстүнкү же астыңкы тарабынын тартылышы, бирок бир учурда бир эле көздү болот. Эреже катары, миомимия кыска мөөнөттүү болуп саналат, бирок ал бир нече саатка, ал тургай, бир нече күнгө чейин уланышы мүмкүн. Дарыгерлер атүгүл миомимиянын даражаларын аташат: чала байкалгандан баштап тажатмага чейин.

Кызыктуусу, көпчүлүк дарыгерлер миомимиянын келип чыгуу себебин атай алышпайт. Ошондуктан, эгер сиз ушул же ушул сыяктуу макалада "эмне үчүн" деген түшүндүрмө табууга аракет кылып жатсаңыз, анда, балким жаңылышасыз. Жөн эле жооп жок. Кээ бир божомолдор болсо, мисалы, Майо клиникасы көздүн тартышы төмөнкү тышкы факторлордон келип чыгышы мүмкүн деп болжолдойт: алкоголдук ичимдиктер, көз уялткан жарыктар, кофеинди ашыкча ичүү, чарчоо жана тамеки чегүү.

Кээ бир изилдөөчүлөр көздүн тартышынын олуттуу себебин, мисалы, ALS же блефарит деп аталган оор абалды келтиришет. Албетте, биз божомолдор эмес, фактылар жана диагноздор жөнүндө айтып жатабыз.

Эгерде көздүн тартышы бир жумага же андан көпкө созулса, анда сиз доктурга кайрылышыңыз керек. Ошондой эле, көздүн тартышы көздү дээрлик толугу менен жаап же дененин башка бөлүктөрүнө жайылып кеткен учурларда клиникага кайрылуу зарыл.

 

Эгерде дарыгерлер олуттуу эч нерсе таппаса, анда сизге жашоо образыңызды өзгөртүү жана жетиштүү уктап баштоо гана калды.