Көйнөктү тандап, кандай аял экениңизди жана эркектер сиз жөнүндө кандай ойдо экендигин билип алыңыз

Жакшы көйнөк аялга өзгөчө жылдыз жана жагымдуулук берет. Бул аны назик кылат. Мындан тышкары, статистика боюнча, эркектер шымга караганда көйнөк же юбка кийген аялдарга көп көңүл бурушат.

Эми баардык айымдарды, сиз кандай аял экениңизди жана эркектер сиз жөнүндө кандай ойдо экени тууралуу кызыктуу тесттен өтүүгө чакырабыз.

Даярсызбы? Анда кеттик....

 

1. Сизге, анын жанында өзүңүздү коопсуз сезген адам керек

Сиз, жан дүйнөңүздүн кеңдигине жана мүнөздүү боорукердигиңизге карабастан, өзүңүздү аябай жакшы көрөсүз жана башкалар да сизге ошондой мамиле кылышын талап кыласыз. Сиз эркектерди, жашоону, кооз нерселерди, көркөм буюмдарды дайыма сүйүп калган өтө сезимтал адамсыз! Ойноок, шайыр, романтикалуу, флирт кылууну жакшы көрөсүз. Сиз улгайгыңыз келбейт! Боорукер жана камкор энелер, ошол эле убакта каприздүү, күчтүү колдоочулары болушун каалаган эрке кыздар болушат. Ошондуктан, эркектердин көңүл буруусунан ырахат алыңыз!

2. Көпчүлүк адамдар үчүн сиздин руханий тарабыңыз караңгы

Бирок бул табышмак сиздин сүйкүмдүүлүгүңүздүн башкы себеби, ошондуктан аны жоготпоого аракет кылыңыз! Сизде күмөн саноолор башыңызды оорутпайт - адатта, сиз эмне каалайсыз - билесиз жана "Эмне кылыш керек?", "Эмне кийиш керек?" сиз үчүн сейрек кездешүүчү суроолор. Сиз абдан сыймыктуу жана принципиалдуусуз, ар дайым өз пикириңизди ынталуулук менен коргоого даярсыз жана адилетсиздикке жол бербейсиз. Сиз өзүңүздүн эмоцияңызды, күчүңүздү гана эмес, жакын адамдарыңызды дагы башкарууну билесиз. Сизде өзүңүздү тастыктоого, машыгуудагы, мансаптагы бийиктиктерге жетүүгө болгон каалоо бар. Мамилелерде сиз максималистсиз, тандаган адамыңызга өтө талапчылсыз. Сиздин үстүңүздөн көзөмөл орнотуу мүмкүн эмес, сиз ар дайым көз карандысыз болосуз.

3. Сиз алдыга умтулган жана эң өткүр эксперименттерге даяр болгон максаттуу адамсыз

Эреже боюнча, сиз умтулган нерсеге жетесиз жана сизге каршы туруу кыйын. Сиз күчтүү, эрктүү, экспрессивдүү жана жалындуусуз. Сизге көңүл бурууну сүйөсүз! Сизде "күчтүү" жыныстын айрым сапаттары бар - кайраттуулук, тез мүнөз, жеңишке болгон чоң эрк, оптимизм жана эрдик. Баарлашууну дана көптөгөн тааныштарды күтүүнү сүйөсүз. Сиз текебер жана эрктүү адамсыз, бирок ар дайым жакындарыңызга жан аябастык менен жардам бересиз.

4. Сиз токтоо, жайдары жана шайыр адамсыз

Ооба, жана юморду туура түшүнөсүз! Сиз ийкемдүү, жеңил-желпи адамсыз. Сиз эч качан байкалбай калбайсыз! Башкаларга жакшы таасир калтырасыз. Сиз абдан мамилечил, кызыгуусу өнүккөн, эр жүрөк адамсыз. Сизди коомдун пикири кызыктырбайт, сиз максаттуу жана оригиналдуусуз. Сиз ар кандай жашоо шарттарына бат ыңгайлашасыз, ошондой эле эркегиңиздин ар кандай мүнөзүн кабыл аласыз. Сиз эч качан тажатма жана чарчатма болбойсуз, анткени сиз ар дайым өнүгүүгө жана билим алууга умтулуп, өмүр бою жаңы нерселерге үйрөнөсүз.

5. Сизде бөлүшүүгө шашылбаган көптөгөн сырларыңыз бар

Сиз күчүңүзгө ишенген, өтө жашыруун, жыйнак жана токтоо адамсыз. Кандай гана кырдаал болбосун эмоцияларды колго кармоону билесиз. Жеке жашоого бейтааныш адамдарды киргизгенди жактырбайсыз, түгөй тандоодо өтө ылгамдуусуз, тандаган адамыңызга жогорку талаптарды коесуз. Сиз өзүңүзгө да ушундай эле жогорку талаптарды коёсуз! Сиз ар дайым каалаганыңызга жана карьераңызда каалаган бийиктикке жете аласыз. Табиятынан авторитардыксыз.

6. Сиз сарамжалдуусуз, сезимталдыгыңызды башкарууга жакынсыз жана сынчылсыз

Сиз чоң индивидуалистсиз. Сиз ынтымакты жана бейпилдикти жактырасыз жана жөн гана эркектерди суктандыруу жана куштар кылуу үчүн жаралгансыз. Эмоционалдуулугуңуз боюнча сиз башкалардан жогору турасыз, ошондуктан сиз ишенчээксиз, дүрбөлөңгө же шайыр эйфорияга оңой алдырасыз. Сиз чындыгында коргоого жана колдоого муктажсыз, анткени сиздин ички дүйнөңүз өтө назик жана аярлуу, бирок сырткы көрүнүшүңүз бардык кырдаалда токтоо көрүнөт. Бирок эркектер эч качан сизден тажабайт, анткени сиз кыялданууну абдан жакшы көрөсүз жана дайым башка адамдардын байкабай калган нерселерин көрө аласыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.