Кош болуулук - аялдын жашоосундагы эң маанилүү убактардын бири. Психологиялык абал эле эмес, организм дагы өзгөрөт. Кош бойлуулар, ишенүүнү токтотууга убакыт келген стереотиптер менен көп кездешет. Биздин редакция реалдуулукка эч кандай тиешеси жок, кош бойлуулук тууралуу 7 мифти чогултту.
Биринчи триместрде кош бойлуу аял көп калория кабыл албашы керек. Экинчи триместрде гана 300-400 калорияга жана 400-500 калория - үчүнчү триместрде көбөйтүү керек. Болгону өз рационун көзөмөлдөп, туура тамактануу зарыл.
Бардык эле эмдөөлөр кош бойлуулук убагында мүмкүн эмес (мисалы, кызылчага, кызамыкка, паротитке же суу чечекке каршы эмдөөлөр). Бирок гриппке каршы вакцинадан баш тартууга болбойт. Курсактагы бала үчүн эч кандай зыяны жок, бирок, эгер грипп болуп ооруп калсаңыз, жыйынтыгы бала үчүн жаман болушу мүмкүн.
2015-жылы Британ Улуттук акушерлер жана гинекологдор коледжи изилдөө жүргүзүп, үчүнчү триместрдин акырында учакта жүрүү коопсуз экенин аныкташкан. Чындыгында, ар бир эле авиакомпания кош бойлуулуктун 37-жумасынан кийинки аялдарды ташууда жоопкерчиликти мойнуна ала бербейт.
Эгер кош бойлуулук саламатта өтүп жатса, интимдик жашоону улантууга мүмкүн. Бирок дарыгердин кеңешин алып койгон туура.
Окумуштуулар өткөн кылымда эле курсактын формасы менен баланын жынысынын эч кандай байланышы жок экенин аныкташкан.
Эки чоң чашка кофе дагы балага эч кандай зыян кылбайт деп окумуштуулар айтышат.
Эң жайылган миф. Тоник да, туруктуу боёк да балага эч кандай зыянын тийгизбейт.
"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.