Корей айымдарынын сулуулугу эмнеден? Алардын 10 сыры бар...

Корей айымдардын бет териси ар дайым тегиз, таза, жагымдуу көрүнөөрү эч кимге жашыруун эмес. Башка элдин жашоочулары, айрыкча моданын аркасынан жүгүрүүчүлөр анын сырын билүүгө дайым кызыктар. Алардын сүйкүмдүү көрүнүүсүнүн болгон  сыры – тыкан, дайыма териге болгон кам көрүү гана. Ошол себептен, азыркы учурда корей косметикаларына болгон талап абдан жогору. Табигый сулуу көрүнүүнүн кандай сырлары бар экенин чогуу билели.

 

 

1. Үлүл ширеси

Бетке арналган корейлик кремдердин абдан маанилүү кошулмасы “Үлүл  ширеси” жийиркеничтүү угулганы менен, пайдасы, таасири абдан жакшы. Бул аралашма 1960-жылдары ойлоп табылган. Анын артыкчылыгы – бет терисин тартып, бырыштарды кетирет. Тери тазарып, жылтырайт.

2. Дайыма тазалоо

Корей кыздары макияжды тазалоого 15 мүнөт же андан көп убакыт жумшашат. Бул – алар үчүн кадимки адатка айланган. Алар атайын макияжды кетирүүчү гидрофилдик майды колдонушат. Бул аралашма жада калса калың, профессионалдык  гриммдердин дагы изин калтырбай тазалай алат.

1-этап: Гидрофилдик майдын жардамы менен мейк-апты аарчып тазалоо.
2-этап: Жумшак  тазартуучу көбүкчө (пенка).
3-этап: Эң акырында скраб менен жууйт.

3. Тоналдык кремдин ордуна ВВ–крем.

Тоналдык крем бетти кургатып, тешикчелерди жаап салышы мүмкүн. Ошондуктан, корей кыздары ВВ-крем колдонууну туура көрүшөт. Ал бетти тегиздеп көрсөтүү менен катар, терини нымдаштыруучу корей декоративдик косметикасы.

4. Косметиканы тез-тез өзгөртүү

Америкалыктар менен Европалыктарга караганда корейлер косметикалык каражаттарды көп өндүрүшөт. Ай сайын ар компания өзүнүн жаңы өндүрүлгөн каражатын көпчүлүккө сунуштап турат. Демек, керектөөчүлөр да ар  мезгил сайын жаңы кам көрүү каражаттарын пайдаланып, келбетин сулуу алып жүрүшөт.

5. Күндөн коргонуу

Биз адатта ден–соолугубузга пайдалуу деп, күнгө күйүүнү туура деп санайбыз. Ал тургай кээде кремди дагы колдонбой коебуз. Ал эми корей сулуулары күнгө кактанганды жактырышпайт. Күндүн нуру беттин терисиндеги бырышты күчөтө тургандыгы далилденген. Алар ошол себептен күндөн коркушат. Пляжга бара турган болсо жанында SPF-коргоочу крем жүрөт.

6. Кездемеден жасалган маскалар

 Алар пахта булаларынан жасалат. Курамында табигый баткак (ылай), алоэ, сүттүү протеиндер, үлүл ширеси бар. Аны күндө кечкисин колдонсоңуз, бетиңизди азыктандырып, нымдаштырат.

7. Май, май, дагы май

Баардык азиялыктар терисине майлуу аралашмаларды сүрткөндү жактырышат. Бетке бир нече кабат сүртүп салуунун зыяны жок. Болгону кийин жакшылап тазартып кетирсеңиз болду. Кокос майы, арган жана башка да эфир майларын кремдин  алдында колдонсоңуз, жакшы таасир берип, назиктик тартуулайт.

8. Көздүн астына арналган патч (пластырь)

Корейлер көздүн алдындагы териге өзгөчө кам көрүшөт. Бул каражат көздүн айланасындагы майда бырыштардын пайда болуусунан сактайт. Артынан жуубай деле койсо болот. Ошондуктан, муну ар качан каалаган убактыңызда колдоно аласыз.

9. Ылай ( Эмульсия) жана эритинди

Алар муну күндө кечкисин май менен чогуу колдонушат. Курамында деңиз азыктары, эчкинин сүтү бар түрлөрү жакшы суроо-талапка ээ.

10. Пилинг

Үй шартындагы пилингди алар жумасына 2-3 жолу жасашат. Натыйжасында тери тегизделип, бырыштар жок болот.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.