Көпчүлүк айымдар, денедеги бул жүндөрдү жулбаш керек экенин билбейт!

National Health Serviceтин изилдөөлөрүнө жараша, 75% айымдар, жашы өткөн сайын денесинде жүн көбөйүп баштаганын көрүшөт, бул өзгөчө менопауза келгенден башталат.

Эң жагымсыз түктөрдүн сап башында, ээкке чыккан түк турат. Көпчүлүк окумуштуулар муну, эстроген гормонун азайышы менен байланыштырышат. Бирок генетиктер, бул тукум куучуулук менен байланыштуу дешет.

 

Ээктеги түк менен кантип күрөшсө болот? Эгер бир-эки тал пайда болсо, эксперттер пинцеттин жардамы менен түбүнөн тамары менен кошо жулуп, акыры, ооруну азайтып жана инфекция кирбеши үчүн, сөзсүз жылуу суу менен жууш керек дешет.

Ал эми кайсы жүндөрдү денеден такыр жулганга болбойт, эгер жулуш керек болсо да, сиз колдонгон метод туура эмес экенин билесизби?

1. Меңдер

Меңдеги жүндү жулганда, залалдуу шишик жаралат деген ойлор бар, бирок бир дагы далил жок. Бирок мындай жүндү жулганда, меңге инфекция кирип, канап, ириңдүү карт болуп, кызарып, башкалардын көңүлүн ого бетер өзүнө бурат.  

2. Мурундун ичиндеги жүндөр

Мурундун жүндөрүнүн өзүнүн кызматы бар – алар мурун аркылуу кирген абаны тазалап, микробдордон сактайт. Бул микробдор өтө коркунучтуу инфекциялык ооруларда жаратышы мүмкүн, мисалы, бактериялык менингит. Ошондуктан, эгер жулуш керек болсо, аябай кылдат кылыш керек.

 
3. Ак чачтар

Жулунган бир ак чачтын ордуна үчөө чыгат деген – бул миф. Бирок, ак чачты жулуу менен фолликулдарга (терини коргоочу клеткалар) доо кетиришиңиз мүмкүн, бул таз болууга алып келет.

4. Колтуктагы жүндөр

Эксперттер, колтук жүнүн түп тамыры менен жулуу, алардын санынын көбөйүүсүнө алып келет дейт. Ошондуктан, алардан арылуу үчүн көп күч жумшап кереги жок: кадимки эле сакал алгыч менен кырып же лазер эпиляциясын колдонуш керек.

Коркунучсуз жолу

Бүгүнкү күндө өзгөчө популярдуу болуп бараткан метод – “шугаринг” – коюу шекер пастасы менен жүндөрдү алуу. Бул методдун бир жакшы жери, ингредиенттери жеткиликтүү жана натуралдык. Ошондой эле, муну үй шартында кылса болот. “Шугарингдин” эффекти үч жумага чейин сакталат, көп жолу колдонгондо, ошол жерде жүн такыр өспөй калат.

Бул метод жөнүндө толугураак дагы жазабыз.

Эске сала кетчү нерсе, жагымсыз жүндөрдөн арылууда, биринчи орунда ден соолук туруш керек. Эгер такыр эле жакпай жатса, анда коопсуз методдорду гана колдонуңуз.