Колтуктун теринен арылтуучу каражат: дезодоранттан 2 эсе күчтүү

Тилекке каршы, кандай гана назик болбогун, терчилдиктен сактануу абдан оор! Сыпайы айым образын тердеген колтук менен анын жыты бат эле бузуп коёт. Куйкалаган жайдын аптабында организм ысыкка өзгөчө реакция кылат, ал эми кышында катмарланган кийим жел өткөрбөй жүдөтөт.

 

 

 

Дезодорант-антиперспиранттар дайым эле өз функциясын аткара бербейт. Бирок, жөнөкөй жана жеткиликтүү каражат жагымсыз жыт менен ыңгайсыз абалдан сактайт.

Терден кантип арылса болот.

ИНГРЕДИЕНТТЕРИ

- 1 л суу;
- 30 г ромашка;
- 1 чай кашык аш содасы.
 

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ

1. Сууну кайнатабыз.
2. Сууга кургатылган же жаңы үзүлгөн ромашканы себебиз.
3. Сууну оттон алып, муздаганча коёбуз.
4. Сууну ромашкадан чыпкалап алабыз.
5. Соданы кошуп жакшылап аралаштырабыз.

Бул каражат менен колтукту күнүнө эки жолу сүртүп турабыз.

Каражатты муздаткычта бир жумадан ашык сактабаш керек. Ушундай жөнөкөй, бирок эффективдүү каражат сени ыңгайсыз абалдан жана жагымсыз жыттан сактайт.

Эми ным колтуктар сени уялтып, кызарганга мажбурлабайт. Жөнөкөй гигиеналык процедура сени дайым бийиктикте болууга жана өзүңдү ишенимдүү алып жүргөнгө жардам берет.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.