Колтукту кырбай туруп таптаза кылса болот!

Колтукта жүндөр өсүп, тердеп жагымсыз жыт чыгып турганы кимге жаксын. Туура эч кимге жакпайт. Өзгөчө аялдар колтукту тазалоого көп убакыт коротушат. Колтук абдан сезимтал келет эмеспи жүндөрдү кырып же жулганда сезгенип, инфекция кирип ар кандай ооруларды чакырат.

Азыр сиздерге колтукту кырбай туруп табигый жол менен тазалоонун жолдорун айтып беребиз.

 

 

1. Шекер жана лимон ширеси

Эки аш кашык лимондун ширеси менен 1 аш кашык шекерди аралаштырып колтукка сүйкөңүз. 2-3 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен жууп салыңыз.

 

 

2. Жумуртканын агы менен жүгөрү

Жумуртканын агынан 1 аш кашык жанан жүгөрү унунан  1 аш кашык алып аралаштырып колтукка шыбаңыз да кургагандан кийин жууп салыңыз.

 

 

3. Сүт жана имбирь

Имбирьди майдалап, жанчып бир ашык кашык болгон соң 2 кашык сүткө аралаштырып сүйкөңүз. 2-3 мүнөттөн кийин жууп салыңыз.

Мына ушундай табигый жол менен колтукту тазаласа болот экен. Досторуңуз менен бөлүшүңүз.