Колду карап билүүгө болчу 7 коркунучтуу оору

Колдун сырткы көрүнүшү сиздин ден соолук тууралуу көп нерселерди айтат. Оорулар колдорго да өз тагын калтырат, себеби организм ич ара байланышкан да. Адамдын ичинде кандай гана өзгөрүү болбосун, сырттан көрүнүп жана байкалып баштайт, дейт Money Bhaskar.

 

 

 

Мына, эмнелерди биле жүрүш керек жана көңүлгө алыш керек:

1. Алакандын терчилдиги кышында да болуп жатса, демек организмде суюктук көп чогулуп калганынан маалымдайт. Анын айынан кан тамыр системасы жана башка органдар күч келип иштеп атат дегендик.

2. Алакандын ортосун бассаңыз оору сезими пайда болуп атабы? Бул мээнин чарчаганынан жана физикалык чарчагандыктан кабар берет. Ошондой эле тамак сиңирүү системасындагы көйгөйлөрдү жана жүрөк булчуңдарынын алсыздыгын да көрсөтүшү мүмкүн.

 

3. Алакандын кургактыгы организмдин чаңкаганын маалымдайт. Эгер мындай болсо, суюктук көп ичүү, туура  тамактануу жана рациондо тузду азайтуу сунушталат.

 

4. Колдо жана алаканда теринин сыйрылышын байкадыңызбы? Балким сизде A жана D витаминдери жетишпей атат. Ошондой эле булар грибок пайда болгонунан да кабар берет.

 

5. Алакандар кызарып баштадыбы? Боорду текшертүүгө убакыт келди. Балким сизде гепатит же гепатоз бар.

 

6. Алаканыңыз чымырап жатабы? Эндокринологго көрүнүүгө убакыт келди.

7. Алакандар ысыса – боордун дарылар, спирт ичимдектери жана химиялык заттардын айынан келип чыккан интоксикациясы менен алыша абай жатканынын белгиси.

Бул белгилерге көңүл бурбай койбогула – алар аркылуу организм олуттуу “мүчүлүштүктөрү” тууралуу белги берип жатат. Сиз мындайларга кабылган жок белеңиз?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.