Колдонуудан такыр баш тартуу сунушталган азыктар. Себеби оюнчук эмес

 

 

 

 

Май

72,5%дык майды жегенге такыр болбойт. Бул транс-май - суутек менен алынган төмөнкү сорттогу өсүмдүк майы.

Май 82,5%дан кем болбошу керек. Эгер мындай май таппасаңыз, өсүмдүк майын колдонгон жакшы. Бир пачка же килограмм транс-майга караганда 2 кашык натуралдык ак май (сливочное масло) жеген жакшы.

Курамында транс-май бар азыктарды колдонууда организмдин стресске каршы туруу мүмкүнчүлүгү азаят жана депрессиянын пайда болуу коркунучу жаралат.

 

Курамында транс-май бар азыктардын тизмеги

⦁    маргарин;
⦁    жумшак майлар, ак май менен өсүмдүк майынын аралашмалары;
⦁    рафинделген өсүмдүк майлары;
⦁    майонез;
⦁    кетчуп;
⦁    даярдоодо гидрогенделген майлар колдонулган картофель фри ж.б. фаст-фут азыктары;
⦁    даярдоодо кулинардык майлар колдонулган торттор, пирожныйлар, крекерлер ж.б. кондитердик азыктар;

 

 

⦁    снектер - чипстер, попкорн ж.б;
⦁    тоңдурулган жарымфабрикаттар;
⦁    пластик идиштеги аз туздалган селедка. Аз туздалган селедка майда гана сакталат. Эч кандай уксуста же винодо сакталбайт. Эгер селедка майда болбосо, демек ага уротропин кошулган. Дүйнө жүзүндө уротропин эң коркунучтуу кошулма деп табылган жана колдонууга тыюу салынган, (аммиак менен формальдегиддин реакциясынын аркасы менен жаралат);
⦁    аз туздалган икра. Жогорудагы айтылган эле принцип. Икра тоңдурулган же катуу туздалган түрүндө гана көпкө сакталат. Эгер аз туздалган болсо, демек ага уротропин же лимо кислотасы кошулган. Башка дагы кошулмалар кошулушу мүмкүн, кандай болгон күндө да, жыйынтыгында формальдегид болот.

 

 
ГМО азыктар

⦁    Краб таякчалары (Сояга аралашкан краб эссенсиясы, аталышына карабай, краб таякчаларында крабдын эти болбойт, ал эми 1993-жылдан бери өндүрүүчүлөр юридикалык жактан "краб таякчалары, ароматталган" деген марка коюуга милдеттенме алышкан).
⦁    Какао.
⦁    Импорттолгон арахис. Петуньянын гени кошулган. Дээрлик уулуу азык. Мындай арахисти курт-кумурскалар да жебейт.
⦁    Импорттолгон картофель.
⦁    Жашыл буурчак (консерваланган).
⦁    Жүгөрү (консерваланган).
⦁    Кант аралашкан жүгөрү таякчалары. Эгер жүгөрү таякчаларын алсаңыз, алар таттуу болбошу керек. Себеби өндүрүштө кант колдонулбайт. Кант 140 градус ысыкта күйүп кетет. Ошондуктан анын ордуна кант алмаштыргычтар колдонулат, бул учурда - цикломат.
⦁    Ароматизатор жана боёгучтар кошулган кашалар жана крупалар. Булар алмуруттун, кулпунайдын, банандын ж.б. жыты менен даамын берген химиялык заттар.
⦁    Джемдер. Мармелад. Күчтүү антикычкылдаткычтар. СССР кезинде чыкаандары менен азыркы чыккан мармеладдарды байланыштырган эч нерсе жок. Бул болгону заманбап химия өндүрүшүнүн керемети.

 

 
АБДАН КООПТУУ:

⦁    Тез даярдалчу азыктар: кукси, тез даярдалуучу суптар, картофель пюреси, бульон кубиктери, "Юпи" сыяктуу соктор. Булардын баары чылгый химия. Организге олуттуу зыян алып келет.
⦁    Чийки ышталган колбасалар ж.б. Алар ГМО соядан жасалат. Аларды ыштап эч ким убара болбойт. Болгону жыт жана даам берүүчү суюктуктар кодонулат, баягы эле формальдегид.
⦁    Узак убакытка сакталуучу сүт азыктары (2 айдан ашык). 2 жумадан ашык сакталган сүт азыктарын колдонуу коркунучтуу.
⦁    Дарбыз (сезондо эмес). 10 жолу эч нерсе болбосо, 11-синде жолуңуз болбой калышы мүмкүн. Дарбызды ушундай бир зыяндуу заттар менен сугарышкандыктан, адамды ууландыруучу биринчи кандидат.
⦁    Калемпир (сезондо эмес). Таза ГМО.

 

Таттуу газдалган суусундуктар

⦁    Таттуу газдалган суусундуктар - канттын, химиянын жана газдын аралашмасы - организмге бат тарай турган зыяндуу заттарды чогулмасы. Мисалга алсак, Кока-кола, кебер менен датты кетирүүчү №1 каражат. Мындай суусундукту ичээрден мурун ойлонуп көрүңүз. Андан сырткары, бул суусундуктарда канттын көп концентрациясы бар - 1 стакан сууга 4-5 кашык кант салгандай эле. Ошондуктан, суусунду кандырган соң, беш мүнөттөн кийин кайра суусасаңыз, таң калбай эле коюңуз.
⦁    Баштыкчадагы ширелер. Шире тууралуу сөз да болбойт. Бакштыкчада натуралдык шире болбойт. Балдарга бербегиле! Бул таза химия.

Дагы бир айта кетчү нерсе, кышкы кулпунай. Такыр пайдасы жок азык. Анда эч кандай витамин жок.

 

Булардын баары, колдонуудан баш тартууну сунуштаган азыктар. Кыласызбы, жокпу, өзүңүз чечесиз. Бирок, сиздин тандооңуздан ден соолугуңүз эле эмес, өмүрүңүз да көз каранды! Сиздин жана сиздин балдарыңыздын.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.