Классташтар менен чогулганда дайым эстеп турабыз... Кээде уялып да кетем

Сегизинчи класста бизди картошкага алып барды. Калп айтпасам, бул жыл мектеп окуучуларын картошкага алып барган акыркы жыл болсо керек.

 

 

Пазик эсиңердеби? Ошону менен бардык. Эң акыркы орундукка отурган өзүнчө эле керемет эмес беле – өңгүл-дөңгүлдөрдө потолокко чейин секирчүбүз. Картофанды 4 сааттай чогулттук го, термостогу чайдан ичип, сууга бышкан жумурткадан жеп, үйгө жөнөгөнгө камынып калдык. Бирок, аркабыздан келчү автобус жок, бир топко туруп калдык, так ошол убакытты авантюризм жана укмуштуу окуялар менен толуктайын дедим.

Биз иштеген талаанын жанында каралбай калган ферма бар эле. Бир жериме окуя издеген жаным так ошол жакка барууну чечти. Тентип, ферманы кыдырып, кароосуз калган техниканы аңтарып чыктым... Болбой эле эригип атам. Кой, артка кайтайын. Автобус да келип калды, баары кыйкырып, чакыра башташты.

 

Автобус менен менин ортомдо талаа бар экен. Түз, чөп өскөн талаа. Көп ойлонбой эле, жолду кыскартыш үчүн, түз эле ошол талаа менен жөнөйүн дедим. Талаа менен чуркап баратып, белиме чейин кыкка кирип кеттим. Болду. Же артка эмес, же алдыга эмес, кагып койгон казыктай туруп калдым. Ал аз келгенсип, акырындан чөгө баштадым. Көрсө бур талаа эмес эле, фермадан чыккан кык жана башка акыр-чикирлер салынга чуңкур экен да.

 

Көптөн бери колдонбогондуктан үстүнө чөп өсүп, байкалбай калыптыр да. Аркы жээкте менин конфузумду карап турган досторум, чуңкурдан араң сүйрөп чыгышты, өтүгүм болсо түбөлүккө чуңкурда калды.

 

Артка кайтып баратканда пазиктин арткы орундугунда, потолокко чейин секирип, кумарланып бараттым... жалгыздыкта... Көпчүлүгү, менин авантюризм жана укмуштуу окуялар жытыман алыста, экинчи автобуста, туруп барууну туура көрүштү.
 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.