Бүт кийимиңиз баасына карабай арзан көрүнгөнүнүн 7 себеби

Көбүнчө кымбат бул сапаттын синоними болот, өтө көзгө урунбаган сулуулук табиттин мыктылыгын аныктайт. Менин бир таанышым көйнөк алганча, сапаттуу эки бут кийим алган артык деп эсептейт. Аныкы туура. Бут кийим дароо көзгө урунуп, адамдын келбетин толуктайт. Кээде кымбат баалуу бут кийимиңиз базардан таап алгандай көрүнгөн учурлар бар. Эгер жакшынакай кийинген айымдын бут кийими арзан көрүнсө, анда ал төмөнкү каталардын бирин кетирген.

 

 

1. Өтө бийик платформа

Платформанын эсебинен такасы өтө бийик болгон туфли жөнүндө айтып жатабыз. Кыска бойлуу кыздар бийик платформа кийип алмайлары бар. Кээ бирөө мындай бут кийимди сексуалдуу деп эсептешет, бирок, мындай бут кийим канчалык кымбат болбосун, көпчүлүк учурда одоно, уятсыз жана табитсиз көрүнөт. 90-жылдарды элестетет. Така кичине болсо да бутту жагымдуу көргөзөт, өтө бийиктин кереги жок.

2. Бут өлчөмүнө туура эмес

Чоңбу же кичинеби маңызы өзгөрбөйт, басканыңыз эң одоно көрүнөт.  Сиңдиңиздин пальтосун кийип албайсыз го. Эгерде бутка туура келбесе, жакшы бут кийим да жаман көрүнөт. Саркечтигине эмес ыңгайлуусун тандаңыз. Калыпка көңүл буруңуз, эгерде таманыңыз талпакай болсо, буттарыңыз чыгып калбасын. Бул жалпы көрүнүштү бузуп коет - мандай бут кийимди өткөрүп салганыңыз оң. Кайыш чоюлат деп, же калың колгоки кийсем билинбей калат деп үмүттөнбөңүз.

3. Өтө татаал бирок сейрек кездешчү түр

Өзгөчө бут кийимди тандоодо, мисалы ар кандай кооздуктар менен татаал баркыт бантиктер, стразалар, жасалма таштар, же ар кандай сүрөттөр бут кийимиңизди өтө арзан көрсөтүп коет. Бирок! Чекти билсеңиз баары жайында. Бир түстөгү баркыт бут кийим, металлдаштырылган териден туфли же кабылан түстөгү босоножка саркеч көрүнөт. Эң башкысы материалды жана түстөрдү аралаштырбаңыз.

4. Ар кандай металлдар чапталган

Кур, бекиткич, чынжыр, сыдырма, кудай сактасын - тикенектер, эгер ашыкча болсо бардык бут кийимде начар көрүнөт. Албетте, кээ бир кейип үчүн бекиткичи менен болгон бут кийим тандаса болот, мисалы токтоо келбетти байкер батинкеси менен айкалыштырса болот. Башкысы, металл кошулмалар жалпак, бут кийимди толук жаппашы керек, ал эми бут кийим озу жалтырак болбош керек.

 
5. Сүрүлгөн бут кийим

Жакшы көргөн туфлиңизди бешинчи сезон кийип жүрөсүзбү? Көп акчага сатып алганыңыз үчүн ыргыткыңыз келбей жүрөбү? Биздин кеңеш - эч кылчайбай мындай бут кийим менен ажырашыңыз. Башы же такасы желген болсо эч ким бул бут кийим кымбат жана мартабалуу деп эсептебейт. Өзгөчө замшы же баркыт бут кийимде болсо.

6. Жасалма теринин ашыкча болушу

Албетте, мыкты бут кийим натуралдуу материалдан тигилет деп ойлойсуз, бирок, мисалы суук шартта жасалма тери жакшы сакталат. Көпчүлүк маркалар заманбап жасалма материалдарга өтүшкөн. Бирок, баардык эле жасалма өтүк саркеч көрүнбөйт, чыныгы териден жасалган ботфорттор жасалмага караганда мыкты көрүнөт.

 
7. Лакталган туфли

Тилекке каршы, лак сонун көрүнгөнү менен оңтойлуу материал эмес. Жылмакай, жылтырабаган тери кымбат көрүнөөрүү белгилүү. Лак туфлилери менен кылдат болуңуз, жылтыракты көп колдонбоңуз, нейтралдуу өңдөрдү: түссүз, кара, кээде шарап түсүн тандасаңыз болот. Эч кандай кызыл же көгүлтүр өң болбойт.

Сиз кандай ката кетирип жүрүптүрсүз?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.