Кишинин терисине басылган китепти Казакстанда көргөзмөгө коюшту

Казакстандын Улуттук академиялык китепканасында көргөзмөгө коюлган экспонат түрдүү реакция жаратты. Көргөзмөнүн коноктору XVI кылымда басылып, адамдын терисинен мукабаланган китепти көрө алышат.

Өз денесин 1532-жылы ошол кездеги окумуштуу кол жазма үчүн мураска калтырган деп билдирет  Nur.Kz порталы.

 

Заманбап адам үчүн бул таң каларлык нерсе, бирок Орто кылымдагы окумуштуулар арасында өз денесин өлгөндөн кийин илим үчүн маураска калтыруу практикасы өтө жайылган.

Бул окумуштуу, мисалы, ушундай жол менен тарыхта, жок дегенде эле XXI кылымга чейин изин калтырган.

Басылманын сыртындагы «бырышкан» мукаба сары-күңүрт өңдөгү адамдын терисинен жасалган. Көргөзмөнүн көп конокторунун жүрөгүн түшүргөн бул китеп баалуу жана сейрек кездешүүчү экземпляр, эми Казакстандын Улуттук академиялык китепканасынын фондунда болуп калды.

Белгилүүсү, мындай раритеттер Британиянын, Франциянын, АКШнын, Австралиянын жана башка кээ бир өлкөлөрдүн китепканаларында да бар.