Киндигиңиздин формасы сиздин мүнөзүңүз жөнүндө көп нерсени айтат

Адамдардын киндик формалары ар кандай болот.

Анын сиздин мүнөзүңүз жөнүндө эмне айтаарын билгиңиз келеби?

 

 

1. Чыгып турган киндик. Чыккан киндик күчтүү мүнөздү көрсөтөт. Сиз көбүнчө өжөр же көк бет адамсыз. Бирок, сиз ойлоруңузду толугу менен карап чыккандан кийин ишенимге жана көз-карашка бекем карманасыз. Сиз көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууну жакшы көрөсүз. Сүйүү жана урмат сиз үчүн ар дайым маанилүү болот. Кызыгы, ылайыктуу түгөйдү табуу узак убакытты талап кылат. Бирок бул мамилеңиз түбөлүк болот.

2. Чоң жана терең киндик. Киндиктери кең адамдардын жүрөгү чоң. Башкача айтканда, сиздин айкөлдүгүңүз чексиз. Жакындарыңызга жана курдаштарыңызга жашоодогу кыйынчылыктарыңызды айтпайсыз. Адамдарды башкаруу боюнча адис катары сиз адамдарга жакшы мамиле жасайсыз. Сиз ар кандай турмуштук окуяларды башыңыздан өткөргөндөн улам акылдуусуз.

3. Кичинекей киндик. Бул адамдын сырдуу мүнөзүн баса белгилейт. Сырларды сактап, башка адамдардын терс жактарын түшүнө аласыз. Жакын туугандарыңыздан жана тааныштарыңыздан башка адамдарга ишенбейсиз. Сиз көп нерсени баштан өткөрүп, чоң тажрыйба топтогонуңуз үчүн ушунчалык деңгээлде жабык адам болуп калдыңыз. Ушулардан улам, сиз жетишерлик скептиксиз.

4. Кичинекей терең киндик. Бул энергиянын төмөн деңгээлин билдирет. Бирок, бул жашоонун физикалык гана жагы. Сизди кол менен жасалган жумуш кызыктырбайт, бирок интеллект талап кылган тапшырмаларды мыкты аткарасыз. Кээде жалкоо болушуңуз мүмкүн, бирок акылдуу жалкоосуз. Бул жалкоолук сизден туура иш жасоонун мыкты ыкмаларын издөөгө түртөт. Ошентип, эч нерсе болбостон, өз ишиңиз менен алектене бериңиз.

5. Сүйрү киндик. Жумуртка сымал киндик көбүнчө гиперактивдүүлүк жана өтө сезгичтик менен байланыштуу. Сиз чыдамсызсыз. Сиз үчүн жаңы нерсени тез арада табуу табигый нерсе. Маселе, сиз оңой эле капаланып же көңүлүңүздү оорутуп алышыңыз мүмкүн, анткени сиз ар кандай нерселерге өтө олуттуу мамиле жасайсыз. Ал жөнүндө унчукпай, капаланып жүрө бересиз.

6. Кең киндик. Мындай киндиги бар адамдар сергек болушат. Сиз дайым ар кандай кырдаалды жеңүүгө даярсыз. Мындай киндик контуру бар адамдар башкаларга дароо эле ишене бербеген адамдар. Тескерисинче, сиз ишенген адамдар сиз үчүн чоң мааниге ээ. Сиз аларды бекем коргоп, кам көрөсүз. Ошол эле учурда, сизде чоң ишеним бар жана адамдар сизге кандай мамиле жасашарын жакшылап изилдеп чыгасыз. Жашооңуздагы принциптердин бири - башкалар сизге кандай мамиле жасаса, сиз да аларга ошондой мамиле кылуу.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.