Кесарево менен төрөлгөн балдар жөнүндө 5 миф

Кесарево сечение – бул баланы жатынды тилип алып чыгуучу операция. Кээде мындай төрөттү врачтар хирургиялык кийлигишүүнүн жардамын менен баланы жарыкка алып келген жасалма төрөт деп аташат.

Кээ бир убакта бала менен энени сактап калуунун бирден бир жолу болуп эсептелет. Кээде аялдар оору сезиминен коркуп, атайын жасатышат.

 

Коомдо бул боюнча көптөгөн мифтер жаралып келет. Кесарево сечение коркунучтуубу деген темага дискуссия кылышып. Алдыда 5 башкы мифтер.

1. Мындай төрөлгөн балдар – гиперактивдүү болушат

Чындап эле, мындай жол менен төрөлгөн балдар гиперактивдүү болушу мүмкүн (көңүл буруунун жетишсиздиги, жогорку активтүүлүк), бирок дайым эле эмес! Биринчиден мындай көйгөй болбошу деле мүмкүн, экинчиден, эгер бала чын эле гиперактивдүү болсо, туура дарылоо жана туура тарбиялоо менен бул көйгөйдөн арылса болот.

2. Мындай төрөлгөн балдарды өнүктүрүүгө атайын программалар керек

Көбүнчө убакта мындай балдар кадимкидей эле чоңоюшат. Болгону, алар операциянын жардамы менен төрөлгөндүктөн, педиатор менен невролог көзөмөлгө алышат, бирок бул болгону сактык максатында гана. Эгер баланын өсүшүндө кандайдыр бир кечеңдөөлөр болуп жатса, буга көптөгөн факторлор таасир болот. Кесарево сечениненин тиешеси деле болбошу мүмкүн.

3. Мындай төрөлгөн балдар физикалык өнүгүү жактан артта болот

Физикалык өнүгүүгө таасирин тийгизген көптөгөн факторлор бар: баланын биринчи дем алуусу кечирээк башталат, кээде жатын суусу дем алуу органдарына дагы кирип кетет, наркоздун айынан нерв системасына негативдик таасир тийгизет. Бирок, баланын өнүгүшүнө кесарева гана терс таасир тийгизет дегендик эмес.

Мындай балдар салмак менен бойдон артта болушу мүмкүн. Баланын ден соолугунда көйгөй болушу, операциянын пландалып же пландалбай жасалышынан көз каранды. Пландалбай жасалганда, тобокел көбүрөөк болот. Бирок бул дагы 100% эмес.

4. Мындай төрөлгөн балдар ыйлаак болушат

Табигый төрөт маалында бала чоң стресске дуушар болот жана ар кандай гармондор активдештирилип, нервдик-физиологиялык процесстер эрте калыптанат. Бул болсо баланын психикасы туруктуу жана сыртка дүйнөгө бат адаптация болгонго өбөлгө түзөт. Операция менен төрөлгөн балдар эч кандай стресске дуушар болбойт, ошондуктан алардын нерв системасы калыптанышына көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн.

5. Оперециядан кийин энеден сүт жакшы чыкпайт, ошондуктан бала начар өнүгөт

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кесарево менен төрөлгөн балдардын баш мээси 9-10 күндөн кийин калыптанса, табигый түрдө төрөлгөн баланыкы биринчи эле күнү калыптанат. Кээде операциядан кийин аялдын лактация процесси бузулат, ошондуктан эмчектеринде сүт чын эле болбойт. Ошондой эле, сүт болгон күндө дагы, эмизгенге болбойт. Себеби аялга күчтүу антибиотиктер жазылат, аны сүт аркылуу балага өтүшү мүмкүн.

Эмчек сүтү баланын өсүшүнө чоң таасир тийгизет, ошондуктан, балага биринчи күнүнөн баштап эмчек эмизиш керек.
 

Операциянын бардык түрү ден соолукка кандайдыр бир коркунуч алып келет. Ошентсе да, кесарево сөзсүз эле негативдик мүнөздө болот деген туура эмес ой.

Башкысы – жакшы врачка бар жана балаңа туура кам көр.
 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.