Казак жигит өзүн кыз кылып көрсөтүп, сулуулук сынагынын финалына чейин жетти

Казак жигит өзүн кыз кылып көрсөтүп, сулуулук сынагынын финалына чейин жетти, деп билдирди "Россия 24" каналы.

Турнир Интернетте сүрөттөрдөн сулууларды тандоо менен өткөн. 22 жашар Илай Дягилев өзүнө кыздай грим жасап, сүрөттөрүн сынакка жиберген.

Катышуучу финалисттердин катарына киргенден кийин гана бетин ачкан. Илайдын айтымында, анын конкурска катышуусунун себеби, бүгүнкү күндү айымдардын сулуулугу бир типтүү болуп калганын көрсөткүсү келген.

 

Дягиев өзү келбетинде нукуралыкты жана харизманы көрсөтүп келет. Сөзүндө, мурда кыздарда көңүл бура турган бул сапат көбүрөөк болчу.

Өз бетин ачкандан кийин аны сынактан дисквалификация кылышты. Анын ордун башка кызга алмаштырышты, деп билдирет Sputnik Казахстан.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.