Кайсыл жылдыз белгилери 2019-жылы жолдуу болот

Бал китеп ачкандар ар бир жылда жолдуу болуп, иши оңолуп, ити чөп жей турган жылдыз белгилери болоорун белгилешкен.  2019-жылы ийгилик кимге жылмаят, чогуу окуйлу.

 

 

Букачар

2019-жылы жагымдуу учурлар арбын болот, өзгөчө иш жана бизнес жаатында.  Жыл башында өткөн чакты эстеп ичте жаткан эски кайгы-кападан бошонуңуз. Жылдыз төлгө ачкандар Букачар  баары-жогун көз ачып жумганча өзгөртүп жиберүүгө ашыкпоого кеңеш берет, себеби Жараткандын жардамы менен  бардыгы өз-өз ордуна коюлат.

Жылдыздар жана планеталар букачарды 2019-жылы ашыкча кайгы-кападан арылтат, жыл бою жамаат менен же жалгыздап иштесеңиз да болот жыл ичинде маанилүү маселелер ийгиликтүү чечилет.

 

 

 
Чаян

Жыл бою, 2019-жылдын 12 айында Чаян  күүлүү-күчтүү болот. Жалкоолор үчүн жагымсыз учур, бул жылы жалоолукту таштап темирди кызуусунда чап дегендей иштеш керек, иштеш керек! Сүйүүдө жана жумушта Чаянды ийгилик жандайт. Каражат жаатында дагы жагымдуу жагдайлар арбын болот, колдо бар акчаны кымбат баалуу буюмдарга жана керектүү оокаттарга коротосуздар. Сүйүүдө Чаяндарды позитивдүү чоң өзгөрүү күтүп турат. Бул жалгыз бойлорго да түгөйүн тапкандарга дагы тиешелүү.  Керексиз жаңжалдан алыс болуп, адамдар менен тил табыша билүүгө Чаяндын табигый  жылдыздуулугу жардам берет. 2019-жылы жакшылыктын жолуна бөгөт болчу жаман адаттардан арылууга көңүл буруу кажет. Тамакты ашыкча жегенден сак болуңуздар.

 
Арстан

Арстандарга дагы жылдыздар жана планеталар жагымдуу таасир берет.  2019 жыл жумушка, үй тиричилигине, ремонт иштерине жана  чоң буюм, кыймылсыз мүлк сатып алууга абдан ылайыктуу. Арстандар ар кандай кырдаалда туура, таасирдүү чечимдерди кабыл алышат. Каражат жаатында гана эмес сүйүүдө дагы жакшы келишимдер түзүлөт. Арстандар айлана-чөйрөдөгүлөр  менен жакшы мамиле кура билиши абзел. Жыл башында жана жыл этегинде Арстандар өзүмчүл болушса иштеринин натыйжасын көрүшөт. Бул жылы Арстандар имиджин өзгөртсө жакшы болот. Эгерде  пландаган ишиңиз мөөнөтүнөн мурун ийгиликтүү аяктаса башкаларга жардам берүүнө ойлонуңуз.

 
Тараза

 2019-жылды спорт менен машыгуу менен баштаңыз. Таразалардын денеси  чыйралып, чыдамкай болот. Бул мезгил балалуу болууга, конуш которууга, кымбат баалуу буюмдарды сатып алууга жана үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө ыңгайлуу. Жылдыздар Таразалардын жашоону сүйүп, позитивдүү  болгонун жана бар тапканын башкалар менен бөлүшө билгенин баалашат.   Жылдыз төлгө салгандар Таразалар бул жылы кежир эмес кайраттуу болууга чакырат. Жылдыздар жана планеталардын таасири менен Таразалар бул жылы күчтүү, чыдамкай болушат. Сүйүүдө ченемди билип, колдон келбес ишке чарпылбаңыз.

Facebook барагыбызга жазылыңыз