Кайсы жылдыз белгисиндеги душман эң коркунучтуу?..

Душмансыз жашаган жакшы, бирок душманды алыстан издебе, алар жаныңда эле дегендей баары менен эле дос да боло албайсың.

Эң кызыгы душманыңдын жылдыз төлгөсүнө карап көр, ал сага кайсы жагынан кантип сокку жасайт. Эгер кызык болсо чогуу окуйлу.

 

Текечерлер эмоцияларын сыртка чыгара бербейт, жек көрүүсүн ичине катат. Эгер текечерди ыйлатып кыжырын шакардай кайнаттым десеңиз, демек сиз чынында жаңжал чыгарган жагынан таланттуу адам экенсиз. Өзүнө 100% ишенген текечер менен душман болгондор темир кутуга бекинип, текечер эсеп-кысап жүргүзгөн кагаздарынан бошобой калсын деп тилесин.

Суу куйду жагымсыз душман. Ага бир караганда жеке кызыкчылыктарынан башы чыкпаган, анан да соцтармактан колу бошобой жалаң интернет менен жашаган адам деп ойлойсуң. Чынында башкаларга анчалык көңүл бурбай өзү менен өзү алпурушуп, өзүнчө бир ааламда жашаган суу куйдуга тийишпей эле коюңуз.

Балыктар менен душмандашуунун кажети жок. Балыктар сыртынан  жоош көрүнгөнү менен мистикалуу жолдор менен өч алууну баштаганда айлаңды таппай каласың. Балыктар душманына кокусунан таамай сокку урганды билишет.

 

Токту чагымчыл эмес, ал душманына тымызын тузак тартып, андан ырахат алгандардын катарына кирбейт. А бирок, ачуусуна тийсең токтобойт, кыжырын кайнаткан адамды жеп-жутуп жибермейин тынчыбайт. Ал душманынын кыйналып-кысталып, азап тартып өлүшүн каалайт.

Букачар айтышып олтурбай чоң муштумуна салып душманын токмоктоп жибермей адаты бар. Топтошуп урушканды жактырат, “Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген принципти туу тутат.

 

Эгиздер дагы жагымсыз душман. Көп окуган эгиздер көптү билет, душманына да окумуштуулугуна салып, “жагымдуу белектерди” даярдап коет. Душманын ар түркүн ыкмага салат, калп айтып канын кайнатып, алдап... Маанайы улам өзгөрүп турган эгиздер түшкө чейин сиздин өзүңүздү гана эмес, укум-тукумуңузду кырып салууга даяр болсо, кечинде сиз менен арак ичип, эртең менен чайыңызга уу кошуп жибергенге даяр.

Бөйөн менен душман болуу кыйын, адамдарды бөйөндөр эки түргө бөлөт: биринчиси анын жакшы көргөн адамдары, экинчиси анын көңүлүнө илинбегендер. Бөйөн катуу таарынса жөн гана сизди жашоосунан чийип салат.

 

Арстан ажаан душман. Касташканын күйгүзүп күлгө айландырмайын тынчыбайт. Арстан шашылбайт калп эле утулган адамдын кейпин кийет, ишенбеңиз, ал бул учурда курч тырмактарын чыгарып салгылашууга даярданып жатат. Анан душманын мышык чычкан ойнотот. Анан биротоло  таш талканын чыгарат.

Бийкеч менен душмандашкан адам нерв илдетине чалдыгып ооруканага жатып калат. Образга кирип айтсак, андай маалда Бикеч палатага хризантема гүлүн көтөрүп кирип, тамчылаган дарыны токтотуп, чекеңизден сылап чыгып кетет. Бийкеч эң кооптуу душман, абайлаңыз!

 

Тараза менен душмандашуу кыйын деле эмес. Ал каршылашынын наадандык сапаттарын көргөндө эле унчукпастан терс бурулуп басып кетет. Наадандар, акмактар менен тараза убактысын коротуп урушкусу да келбейт. Бирок, таразанын тарапташтары көп,  Арстандар, Балыктар менен дос-тамыр болгон Таразанын душмандары көргүлүктү ошолордон көрөт.

Чаян жаңжалдын символу. Уруш дегенде уугун ала чуркаган Чаян абдан кекчил, уулуу сөздөрү менен каршылашын беттеп чыгат. Ал дароо өч алууга шашылбайт, ыңгайлуу мезгилди күтүп колуна таш кармап, сиздин далдоо жерден чыга калышыңызды күтөт. Анан көзгө атаар мергенчидей таш менен атып чала жан кылгысы келет. Душманын өлтүргөнгө эмес, азапка батырганга маашырланат.

Принциптерди бекем туткан Жаачыны бат эле таарынтып аласың. Өч алуу же кечирип коюу анын ыктыярына жараша. Жаачылар көпчүлүктүн көзүнчө өч алуу вариантын тандашат, кыскасы анын душманы менен басташканы баарынын эсинде калышы керек.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.