Кайсы жумуртканы дени соо тоок тууган? Айырмалап көрүңүз!

Бүгүнкү күндө эки сөзүбүздүн бири эле туура тамактануу, ден соолукту чыңдоо болуп калбадыбы. Туура тамактанган адам өзүн сергек сезип, ден соолугу да чың болот. Күнүмдүк турмушубузда пайдаланып жаткан азык-түлүктөр каяктан келди, кантип бизге жетти, саламаттыгыбызга зыяны тийбейби, кеп мына ушунда.

 

 

Жумуртка жөнүндө сүйлөшөлү. Кадимки эле тооктун жумурткасы адамдын организмине пайдалуу азык экенин баарыбыз эле билебиз. Бирок, инкубатордон чыккан жумуртка менен үй тоок тууган жумуртканын бир топ айырмасы бар. Тоок фермерлер өндүргөн же кадимки тоокканадан алынган жумурткалар дүкөндөрдө сатылган инкубаторлордон өндүрүлгөн жумурткаларга караганда кыйла сапаттуу, пайдалуу экени талашсыз.

Ар кандай өндүрүштөрдөн өндүрүлгөн 3 түрлүү жумуртка

Биринчи кутуда тоок фермадан алынып келген жумуртка.

Экинчи кутучадагы жумуртка базардан сатылып алынган. Сатуучулардын айтканына ишенсек бул кадимки тоок тууган жумуртка.

Үчүнчү кутудагы жумуртка супермаркеттен алынып келди.

 

Биринчи кутудагы фермадан алынып келген жумуртканы жарып, кызып турган табаага салганда, жумуртканын агы-сарысы бүтүндөй кабыктан шарт агып, табаага жайыла берди. Сарысы коюу, сапсары экен.

 

Базардагы  сатуучу мактап-жактап: “Үйдүн тоогу тууган жумуртка, чөп жейт, жем жейт” деп саткан жумурткасын да жарып, табаага салдык.

Эң акырында супермаркеттен келген жумуртканы жардык.

 
Бир табаадагы үч жумуртка

Эң биринчи жумуртканын сарысына көңүл бурдук. Фермадан алган жумуртка берки эки жумурткага караганда айырмаланып турду. Биринчи жумуртканын сарысы коюу, түсү да сапсары. Анын жанында базардан, супермаркеттен алынган жумуртканын сарысы өңү өчкөндөй көрүндү, оңуп калгандай...

 
Туура тандоо жасаңыз!

Жумуртканын сарысы сапсары болуп көргөн көздү кубандырып турса демек, бул жумуртканы нукура азыктар менен тоюнган тоок тууган. Мындай жумурткада  кислота Омега – 3 жана  D, A, E, витаминдери, анан бета-каротин жетишээрлик деңгээлде бар.  

Ал эми базардан же супермаркеттен алынган жумуртканы ушундай деп айта албайбыз.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.