Кайсы үй-бүлө жасалма экенин таба аласызбы? Ал сиздин жакындарыңыз менен болгон мамилени көрсөтөт

Үй-бүлө – адам жаралып жана өнүккөн жай. Үй-бүлөгө болгон мамиле инсан жөнүндө көп нерсени айтат. Бул сүрөттү жакшылап караңыз, кайсы сүрөт чыныгы үй-бүлөгө окшошпой турат?

 

 

 

Эгер №1 үй-бүлөнү тандасаңыз

Сиз, оор убакта жардамга колун сунган адамдардансыз. Бул сизге жаратылыш берген баа жеткис белек. Сиз, берип жана башкаларды бактылуу кылуу менен дүйнө тазараак жана жакшыраак болооруна көзүңүз жетип турат. Ошентсе да, сизде жардам берүүнү каалоо менен бирөөнүн жашоосун көзөмөлдөп калуу чегинен ашып кетүү коркунучу бар. Ушул жерден абайлашыңыз керек.

Эгер №2 үй-бүлөнү тандасаңыз

Сиз – туруктуу жана ишенимдүү мамилени кыялданган, боорукер жана сезгич адамсыз. Сиздин үй-бүлөлүк идеал – чын дилинен бири бирин коргоп жана кам көрүп, бири-бирин сыйлаган, жана түбөлүк сакталган сүйүүдөн куралган үй-бүлө. Үй-бүлө жана нике сиз үчүн карьерадан да маанилүү жана жашоодо биринчи орунду ээлейт. Сиз бирөөгө жардам берип жана өз тегерегиңизде жылуулук менен бакыттын атмосферасын түзө алганыңызга сүйүнөсүз. Сиз – ишенимдүү жана туруктуу доссуз. Бирок кээде кээ бир чынчыл эмес адамдар сизди колдонушат. Көңул калуудан сактануу үчүн өз айланаңызды тандоодо этият болуңуз.

Эгер №3 үй-бүлөнү тандасаңыз

Сиз үчүн сыртындагы эмес, ичиндеги маанилүү. Сиз аябай ойчул адамсыз, бир нерсе кылаардын алдында баарын таразалап, андан кийин гана кыласыз. Үй-бүлө сиз үчүн – жыргалчылык түзүүгө ар ким өз салымын кошкон, теңтайлаштардын союзу. Сизге жетишпей жаткан жалгыз нерсе – жан дүйнөнүн жылуулугу жана бирөөнүн кыйбастыгы. Ар тараптуу адам болуу маанилүү, бирок андан да маанилүүсү – айланадагыларга сүйүү тартуулоо жана андан жооп күтпөө.

Бала үйүнөн жана ата энесинен эмне көрсө, жашоосунда ошол сценарийди кайталайт деп айтышат. Кандайдыр бир ички тоскоолдуктарды ашып өтүш үчүн, жакшы аракет кылыш керек. Макулсузбу?

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.