Кайсы өлкөнүн акчасы эң кооз? Дүйнө валюталарына көз жүгүртөлү

Британиянын The Telegraph басылмасы Nedbank банкы менен дүйнөдөгү кооз акчалардын топтомун түзгөн. Рейтингде биринчи орунду казак теңгеси ээлеген. Дүйнөдө андан башка да кандай кооз акчалар бар экенин билгиңиз келсе төмөндөгү сүрөттөрдөн кенен мааалымат ала аласыз.

Баарынан өкүнүчтүүсү биздин сом бул тизмеге кирген эмес. Бирок, биздин валюта да биз үчүн эң кооз.

 

 

Биринчи орунду Казакстандын улуттук акчасы — теңге ээледи
Экинчи орунда Түштүк Африканын валютасы-рэнд турат
Үчүнчү орунда — Жаңы Зеландиянын доллары
Төртүнчү орун — франциялык тынч океан франкы
Бешинчи орунда Коста-Риканын акчасы — колон турат
Алтынчы орун — малайзиялык ринггит
Жетинчи орун — танзаниялык шиллинг
Сегизинчи орун — индиялык рупий
Тогузунчу орун — канадалык доллар
Онунчу орун — катардык риал
Кыргыз сому тууралуу

Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылы эң алгачкы жаңы акчаны эл 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйын менен кармаган.

Улуттук Банк кыргыз валютасынын төртүнчү чыгарылышында, 2010-жылы эң ири көлөмдөгү банкнот — 5000 сом жүгүртүүгө киргизилген.

Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго кыргыздын элдик баатыры Манастын сүрөтү тартылган. Кийинки акчаларга өлкөнүн белгилүү инсандары композитор Абдылас Малдыбаевдин, бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын, окумуштуу Касым Тыныстановдун, акын Тоголок Молдонун, Токтогулдун, Алыкул Осмоновдун, Алай ханышасы Курман Датканын, манасчы Саякбай Каралаевдин, Жусуп Баласагындын жана актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.