Кайсы күнү төрөлгөнсүз? Кандай адамсыз айтып беребиз

Жер каймактаган замандарда байыркы элдердин бири кельттер өнүгүп-гүлдөгөн мамлекет курушкан. Алардын бир өзгөчөлүгү табият менен камыр-жумур жашап, таби-яттын миң түркүн сырларын изилдеп, окуп үйрөнүшкөн. Кельт бал китеби 13 бөлүктөн турат.

Айымдарга арналган адам жарык дүйнөгө келгендеги ошол саатка байланыштуу тотем-колдоочу же коргоочу жаныбарлар тууралуу сөз кылабыз.

 

 

24-декабрдан 20-январга чейин Бугу тотемине дал келген айымдар жарык дүйнөгө келишет. Бугу-айым келишимдүү, токтоо жана максатына умтулган өжөр. Келбетине дайыма кам көрүп, көңүл чордонунда болгусу келет. Мансап тепкичтерине көтөрүлүүнү самайт. Ал дайыма окуп үйрөнүүгө тырышат, андыктан аны акылдуу жана көптү билген адам катары баалашат. Бул белгидеги айымдар келбеттүү болгону менен суз, муздак сезилишет. Түнт жана тартынчаактыгынын кесепетинен бактылуу үй бүлө кура алышпайт. Иште жана жеке жашоодо ийгиликке жетиш үчүн бул айымдар ачык-айрым, жумшак болуулары керек.

21-январдан 17-февралга чейин Мышык тотемине таандык айымдарга бул мүнөздөмө таандык. Акылы курч жана шайыр Мышык белгисинин айымдары кандай гана кыйын кырдаал болбосун жол таап чыгып кетет. Майрамдык фейерверк сыяктуу булар менен зеркпейсиң. Ак көңүл камкор көрүнгөнү менен анын жасоосуна тоскоол болсоң мышыктай болуп тырмагын матырып алмайы да бар. Үй бүлөсүнө, балдарына көңүл буруп, үй тиричилигине бүйрө. Мыйыш айым адамдар менен тил табышуу, жардам берүү жаатындагы иштер менен алектенсе жакшы карьера дагы жасай алат.

 

18-февралдан 17-мартка чейинки туулган аялзатынын тотем колдоочусу Жылаан. Акылдуу жана арбаган касиетке ээ жылаан айымдар көздөгөн максатына жетмейинче тынбайт. Күчтүү мүнөзгө, баарын таразалаган акылга ээ жылаан айымдардын көбү жетеекчилик кызматтарды аркалашат. Үй бүлөдө жылаан айым лидер. Бирок анын бул сапатына жолдошу түшүнбөй ортодо чыр-чатак, таарынычтар болушу күтүлөт.

18-мартта 14 –апрелге чейин жарык дүйнөгө келген аялдардын тотеми Түлкү белгисине туш келет. Чыныгы түлкү айым абдан назик, өңдүү-түстүү анан дагы куу. Булар эркектерди жипсиз байлап, пайдалана алышат. Түлкү-айымдарга ашык болгондор көп, анан да ал ашыктар баарын кылганга даяр. Түлкү айым болсо сүйүүнү оюндай көрүп, жүрөгү муздак бойдон калат. Иш жаатында түлку айым өз алдынча болууну каалайт. Жетекчилик менен тил табыша албайт, өзү болсо жетекчилик милдети мойнуна алгысы келбейт. Чыгармачылыкка жакын, музыкага кызыгат, жазуучулук шыгы бар.

15-апрелден 12-майга чейин Бука тотемине таандык айымдардын мезгили. Күчтүү мүнөзгө ээ,акча тапканды билет, карьера жасай алат, балдарды багып, үй-жайды ирээтке келтирип, андан тышкары бардык ишке жетишет. Бул айымдар жакшы дос, өнөктөш. Бирок аны менен жашоо кыйын, анткени бул айымдар эч качан алсыз болушпайт, өз айт-канынан кайтпайт. Үй бүлө куруш үчун күйөөсүнө ишенгенди жана анын айтканына баш ийгенди үйрөнүүлөрү зарыл.

 

13-майдан – 9-июнга чейин Деңиз мышыгы деген татаал тотемге таандык айымдар төрөлгөн учур. Шайыр-шатман, ак пейил, энергиясы ашып-ташкан, эч нерседен коркпогон бул айымдар бир жерде отура албай саякаттаганды, жаңы адамдар менен таанышканды жактырат. Отуруштардын көркүн чыгарган, ким менен гана болбосун тил табышып алышат. Бирок сүйүүдөн жолдуу эмес. Эмоцияга алдырган бул айымдар сүйүүгө да баш оту менен кирип кетишет да башкалардын арам оюн байкабай калышат.

10-июндан 7-июлга чейин Торгой тотеминин ээси адбан камкор, ак көңүл анан дагы акылдуу айымдар төрөлүшөт экен. Туугандарына, досторуна энедей мээрим төккөн торгойлор боорукер, жардамга муктаждарга биринчи кол созгондор. Торгойлорго да ашык болгондор арбын, бирок аларда аялзатына таандык табышмактуулук жана менменсинүү жоктугунан ашыктардын бат эле көөнү сууйт. Торгой-айым үй бүлөдөн бакыт табат, бирок анын жан дүйнөсүн түшүнбөгөн адамдарга таарына берет.

8-июлдан-4-августка дейре Жылкы тотеминин алдындагы мезгил. Бул мезгилде туулган айымдар абдан таланттуу, жөндөмдүү болушат. Жылкылар бийик идеалдарды туу туткан адамдар. Жыл-кынын түгөйү анын көз карашын туура деп санап колдоп-коргоп турууга тийиш. Өмүрлүк жарын тапкан жылкы айым жубайына берилип, турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот. жылкы айымдардын алтынчы туюму мыкты өнүккөн, алар өздөрүнүн ички сезимин угууга тийиш.

5-августтан – 1-сентябрга чейин Балык тотемине эгедер айымдар төрөлүшөт экен. Балык айымдар чыгармачылык менен алектенген, жалгыз иштегенди жактырган, жеке өзүнө тиешелүү заң-мыйзамдары бар айымдар. Табышмактуу балык-айымдарга көңүл бургандар, кызыккандар көп болот. бирок, балык айым менен мамиле куруу татаал, себеби ал эркиндикти сүйөт.

2-сентябрдан 29- сентябрга чейинки аралдыкта төрөлгөн Аккуу тотем-колдоочуга ээ ханышадай сулуу айымдар көргөн көздү кубантып, жигиттердин жүрөгүн жалындатып чыга келишет. Келбетине дыкат кам көрүп, өзүнө өзү маашырланган акуу-айымдын сүйүүгө деле убактысы тар. Жигиттерге ушундай катаал шарттарды койгондуктан акуу-айым көп жылдарга чейин түгөйүн таба албайт.

 

30-сентябрдан 27-октябрга чейин кооз жана ак ниет Көпөлөк тотемине ээ айымдар төрөлүшөт. Сулуулугу менен суктандырган Көпөлөк айым ар нерсеге ышкыбоз, акылдуулугу менен таң калтырат. Алар дайыма өздөрүн өркүндөтүүгө аракет кылышат, карьера жасоого умтулуп, саякатка чыгууну каалашат. Ишеничтүү дос, камкор эне жана күйүмдүү жар боло алышат. Көпөлөк айымдын эң сонун сапаттары ачыкка чыгышы үчүн жолдошунун колдоосу керек.

28-октябрдан 24-ноябрга чейин Бөрү тотем колодоочуга ээ күчтүү айымдар төрөлөт. Бөрү айымдар кандай учур болбосун жеке оюна таянып беттегенин бербейт. Жалгыздыктан коркпойт, үй бүлө күтүүгө шашылбайт, эгер түгөйүн тапса ага чын дили менен берилет. Бөрү айымдар адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, акылдуу жана сыйга татыктуу аялзаты. Эгер тотем колдоочусу туура келбей калса бул аялзатынын жашоодон жолу болбой, сүйгөн адамына да жолукпай өмүр кечирет.

25-ноябрдан-23-декабрга чейин Бүркүт тотемине тиешелүү айымдар туулган учур. Бүркүт – айым айкөл, акыл-эстүү, адамдарга жакшылык жасагандан тажабаган ак ниет. Бул айымдардын өзгөчөлүгү башка адамдарды жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланбайт, алдабайт. Ийгиликке жетиш үчүн тырышып иштейт. Бүркүт – жакшы жолдош, ишенимдүү ишкер өнөктөш, жакшы түгөй. Бирок, ак көңүлүнүн азабынан Бүркүт айымдар өздөрүнө дал келбеген адамдарды сүйүп калат. Чыныгы сүйүүгө жолукса жактырган адамына камкордук көрүп, мээримине бөлөйт.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.