Кайненем туулган күнүмө арналган майрамды да, маанайды да өлтүрдү

Эмне болгонун билесиңерби?

Кайненем адаттагыдай эле мага зыян кылуу максатында жолтоо болду.

 

Күйөм экөөбүз өзүнчө жашайбыз, үйлөнгөндө эле бөлүнүп туралы деп батирге чыгып кеткенбиз. Кайненем жаңы күйөсү жана анын эки баласы менен турат.

Туулган күнүмдүн мурунку күнү эрте эле камынып койдук. Туулган күн өткөргөндү жактырбайм деле, бирок туугандарыбыз көндүрүштү. Көптөн бери жолуга элек болчубуз, себеп табылып калды.

 

Мен эч жакка чыккым келген жок, ошондуктан майрамдык дасторконду үйдөн эле жайганды эп көрдүм. Баарын алдын ала даярдап койдум, күйөм да жардам берди. Салаттын түрүн, тамак, мэште тоокту да бышырып койдум. Ал эле эмес торт да жасап муздаткычка салып койдум. Себеби экөөбүз тең иштегендиктен эртеси жумуштан кийин жетишпейт элек. Конокторубузду кечки сегизге чакырдык.

 

Кайненем да чакырылган, ал жок кантип?!

Бирок, ал мындай кылаарын билген жокпуз да.

Саат жетилерде күйөм мени жумуштан алып кетти.

Үйгө кирип келип эле оозум ачылып туруп калдым, биз түнү менен даярдаганыбыздын баары столдун үстүндө, торт кесилген, кайненем, күйөөсү жана эки баласы менен жеп отурушат.

 

Озондоп эле жиберейин дедим. Кантип?

Мына мына коноктор кирип келет, а эч нерсе калган жок. Көзүмөн жаш тегеренип кетти. Кайненем былдырап баштады: - И, келдиңерби. Силерге тоок калтырсакпы же калтырбай эле койсокпу деп ойлонуп аткам. Максим жумуштан эртээрек келди, ачка да экен, анан келе бердик. Туулган күнгө бара турган болгондон кийин үйдөн тамак жасап отурат белем.
Максим - күйөсүнүн кичүү баласы, 25 жашта.

 

Мен калтыраган колдорум менен бут кийимимди чечип, ыйлаганга ваннага кирип кеттим. Башка айлам жок эле. Кайненем конок келээрин билген, анан эки баласына баарын берип тойгузуп койду. Ал эле эмес менсиз тортту да кесип жешиптир. Менин тортумду!

Анан мага эмне белек берди деп ойлойсуңар? Эч нерсе, алар белек бербейт, алганды эле билет.

 

Күйөөм энесине биздин үйдүн ачкычы кереги жок экенин түшүнүп, кайтарып алды. Албетте менин маанайым өлдү, бирок күйөм мындай болуп калгандан кийин ресторанга барабыз деди. Мен макул болдум. Баарына кайра чалып, ресторанга жөнөдүк.

Бирок бул кылганы туура эмес да!

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.