Катуу суукта кылууга такыр болбочу 5 коркунучтуу нерсе

Кышында жылуу жай таап алып жаз келгенче терезеден жааган карды карап, кофе ичип отурганга эмне жетсин. Бирок кыял кыял менен, ал эми реалдуулук баарыбызды катуу суукта шаар аралап жүрүүгө мажбур кылат – бул суук мезгилдеги бат-бат ооруп туруунун негизги булагы.

Төмөндө, катуу суукта эмне кылганга болбоорун окуп алсаңыз, сиздин дарыгерге кайрылуу мүмкүнчүлүгүңүздү өтө эле азайтат.

Катуу суукта кылууга такыр болбочу 5 коркунучтуу нерсе:

Алкоголь менен жылынуу

Күчтүү алкоголдун жардамы менен жылынууга аракеттенип кереги жок.

Башында чындап эле жылыгандай болосуң, себеби алкоголь кан тамырларды кеңейтип, кандын ылдам жүгүрүшүнө шарт түзөт. Бирок, бир аз уббакыттан кийин тескери процесс башталат, ошол эле кезде организмдин жылуулук бөлүп чыгуусу жогору бойдон калат.

Гипоксияны тоготпоо

Өтө чоң минустук температурада терең дем алуу мүмкүн болбой калат жана организм акырындан гипоксияга, кислороддун жетишсиздигине дуушар болот.

Жүрөккө күч келүү көбөйөт – ал, бар кислородду клеткаларга жеткирүү үчүн кан айлануунун деңгээлин көбөйтүүгө аракет кылат. Так ушул кезде күчтүү тахикардия, катуу баш ооруу башталат.

Тоготпой коюуга болбойт: жакынкы дүкөнгө кирип, бир эки мүнөт дем алып алыңыз.

Ооз менен дем алуу

Жогоруда айтылган гипоксия ооз менен дем алууга түрткү болот, бирок андай кылбаш керек. Катуу суукта көчөдө туура дем алуу – жай, бир калыпта жана мурун менен гана болуш керек. Аба мурун аркылуу өткөндө жылыйт жана өпкөңүзгө жылуу абалда барат, демек ооруп калуу мүмкүнчүлүгүңүз да азаят.

Чылым чегүү

Кандай гана аба ырайы болбосун, тамеки чегүүгө болбостугунан баштайлы. Бирок, катуу суукта бул жаман адат бир нече эсе корчунучтуу болуп калат: никотин кан айлануунун ылдамдыгын төмөндөтөт, ал болсо манжаларды, кулакты жана мурунду үшүтүп алуунун бирден бир себеби.

 
Тар бут кийим

Тар кышкы бут кийим ден соолук үчүн зыян. Моданы кубалабай жылуу жана кенен бут кийимди тандаңыз. Катуу суукта жүн байпак кийим же калың батек салып алганга мүмкүнчүлүк болот.

Бутту жылуу кармоонун эң жөнөкөй жолун бул жерден окусаңыз болот.

Досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз!