Кассир пистолет алдында былк этип койгон жок (видео)

Америкада карактоо учурунда кафенин кассири камырабаганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Жергиликтүү полиция Youtube га шаршемби күнү болгон кафени карактоо учурунда видеокөзөмөлгө тартылган видеону жүктөгөн. Видеодо каракчы биринчи заказ берип анан курал алып чыгып кассирди коркутат.

Кассир шашпай кассаны ачат, бирок, куралды бетине такап турганына карабай, коркуу сезими байкалбайт. Болжол менен 30 секунддан кийин каракчы кетет. Социалдык тармактагы комментарийлерде колдонуучулар таң калышууда.

Алып баруучу Уэйн Дюпри: " Чын элеби? Кассир пистолет алдында былк этип койгон жок. Мен мындайды эч качан көргөн эмесмин",-деп жазып чыкты.

New Retro Geek: "Сөздүктү алып "камырабас" деген сөздү тапсаңар, кассирдин сүрөтүн көрөсүңөр",- деп ишендирет.

Кээ бир колдонуучулар кассир баланын камырабаганын - пистолет сынык болгонун же оюнчук болгонун байкаган",- деп түшүндүргөнгө аракет кылышкан.

Полиция каракчы кармалгандыгын кабарлайт. Каракчы 54 жаштагы Терри Рейфорд деген адам болгон. Ал буга чейин куралдуу карактоо боюнча бир нече жолу соттолгон.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.