Карызга акча берем дегенге 3 эреже

Алдыда, сага акчаңды да, кадырыңды да, досторуңду да сактап калганга жардам берчү, маанилүү эрежелер менен суроолор.

 

Бул жерде процентке акча берип жашаган адамдар жөнүндө сөз кылбайбыз. Карапайым, бирок жардам бергенден качпаган адамдар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Демек, сизден карызга акча сурады дейли. Кантип карызды туура берүү, эң башкысы – кантип убагында баш тартуу керек.

1. Сага акча ушунчалык эле керекпи?

Өзүңө негизги суроону берип көр: сага азыр акча керекпи, же жакынкы убакта корото турган пландарың барбы? Көп убакта, сенин чөнтөгүңдө турган акча бирөө үчүн куткаруучу болуп эсептелет.

Балким, бул акча сенде кокустан чогулуп калды, сен болсо ансыз деле жашооңду өткөрө аласың. Ал сенин жакынкы эргүүңө деп чогултулган дагы эмес. Бул болгону, капчыкка салып койчу ашыкча акча. Анан, досуң “бир жумага” жалдырап карыз сурап келип калды.

Так ушул көз ирмемде өзүң менен сүйлөшүп, ички сезимиңди угушуң керек. Жооп бергенге шашпа, досуң канчалык жакын болгон күндө дагы. Телефондон жооп айтам деп узат.

2. Бул акчаны кайра көрбөй калганга даярсыңбы?

Эми тест. Мындай ситуацияны карап көрөлү: карызга берген акчан кайра карылып келбейт. Эч качан! Достугуңду, мамилелериңди, баарын карыз берип жаткан учурдагыдай сактап кала аласыңбы? Жашооң кандай өзгөрүшү мүмкүн?

- Жооп – ооба, бардыгы ордунда калат.
Бул сумма сени өлтүрбөйт. Эгер акчаны кайрыбаса, же жакын арада кайрыбаса, мен андай курмандыкка бара алам. Менин жашоомдо эч нерсе өзгөрбөйт.

- Жооп – жок. Эгер убагында бербесе, мени кыйын абалга коёт.
Мен эргүүгө чыга албай калам, квартираны төлөй албай калам... Эгер досту машина сүзүп кетсе, такыр эле куру кол калам... Анан кантип кайрып алам акчамды?..

Түшүнүктүү да: эгер сенин жообуң экинчи болсо, анда карызга такыр бербе. Эки күнгө дагы. Досуңа дагы.

3. Кандай убакта жардам берсе болот?

Терең маанилүү сөз бар – “Татыктууга жардам бер”. Акчага эле эмес, жардамдын бардык түрүнө тиешелүү.

Дос, тааныш, досуңдун таанышы, кошуна... сенин жардамыңа муктаж болгон адам кайдан болсо дагы табылат. Бирок, жардам берип жатып, анын ТАТЫКТУУ адам экенине 100 пайыз ишеним болуш керек.

Татыктуу адам өзү, сенин капа кылбаш үчүн бардык аракетин кылат. Ал сенин кылган жардамыңды эч качан унутпайт. Карыз алып жаткан адамдын татыктуу экенине көзүң жетип турбы? Адамдын кандай экенин бир карап билесиңби, же уккан-көргөнүң барбы? Эгер, ага көзүң жетпесе, анда биринчи эки эрежеге кайра кайрыл. Баш тартып жатып, чындыкты гана айт, анын эч кандай оорчулугу жок.

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.