Картаюу менен күрөшүүгө жардам берген 10 жемиш!

Ар бир аял мүмкүн болушунча жаш жана сулуу бойдон калууну каалайт. Ошондуктан көптөгөн аялдар карылык менен күрөшүүгө жардам берген ар кандай дарылоо ыкмаларын колдонушат. Бирок, эртеби-кечпи, карылык өзүн эстеткенди унутпайт.

Бактыга жараша, бүгүнкү күндө карылык процессин жайлатууга жардам бере турган көптөгөн ыкмалар бар. Физикалык активдүүлүк жана туура тамактануу ден соолугубуз үчүн маанилүү экенин билебиз. Бирок, пайдалуу болушу мүмкүн болгон кээ бир атайын кеңештер да бар.

Бул жерде карылык менен күрөшүүгө жардам бере турган жемиштердин тизмеси. Аларды үзгүлтүксүз колдонуу менен сиз узакка жаш жана ден-соолукта боло аласыз.

 

№1 Жемиштер

Мөмө-жемиштердин курамында көптөгөн пайдалуу витаминдер, анын ичинде ден соолугубуз үчүн зарыл болгон антиоксиданттар жана С витамини бар. Кара моюл (черника), кулпунай (клубника), малина жана бүлдүркөн (ежевика) териңиздеги коллагенди сактоого жардам берет. Бул мөмөлөрдүн баары майлуу эмес, ошондуктан сиз арыктай дагы аласыз.

№2 Анар

Анар укмуштуудай калыбына келтирүүчү касиетке ээ. Анар териңизди толугу менен калыбына келтирет. Чачыңыздын, териңиздин жана тырмактарыңыздын саламаттыгы үчүн зарыл болгон В2 витаминин камтыйт. Бул жемиштерди үзгүлтүксүз колдонуу сизди сулуу бойдон калганга жана жаштыгыңызды узартууга жардам берет.

№3 Авокадо

Баарыбыз билебиз, авокадо ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Бул териңизге, чачыңызга, тырмактарыңызга жана жалпы ден соолук үчүн зарыл болгон ар кандай пайдалуу витаминдердин бай булагы.

№4 Киви

Кивиде көптөгөн антиоксиданттар бар. Ошондуктан бул жемиштерди үзгүлтүксүз жеп турсаңыз, териңиз жылмакай жана саламат болот.

№5 Дарбыз

Дарбызда көп сандагы суу бар, ал терини азыктандырат жана нымдандырат. Дарбыз теринин түсүнүн бузулушун жана ар кандай тактардын алдын алат.

№6 Банан

Бардык пайдалуу витаминдерди, анын ичинде В6 жана С витаминдерин банандан тапса болот. Банан териңизди ийкемдүү жана жаш кылат. Бананды дайыма колдонуу менен териңизди ар кандай зыяндан да коргойсуз.

№7 Алма

Алма организмден токсиндерди чыгара алат. Е витамининин аркасында териңиз жылмакай жана жибектей болот.

№8 Манго

Бул даамдуу жемиш ден-соолукка пайдалуу жактары менен таң калтырат. Бета-каротин жана А витамини териңизди жылмакай жана жылтырак кылат. Манго безеткиден жана башка тери көйгөйлөрүнөн арылууга жардам берет.

№9 Папайя

Папайяда А, Е жана С витаминдери бар. Бул витаминдердин баары териңиздин саламаттыгы үчүн зарыл. Сиз папайя маскасын жасасаңыз болот.

№10 Жүзүм

Жүзүм С витаминине бай.Териңизди бузулуудан коргоп, бырыштын алдын ала аласыз.