Карышкырлардын үйүрүн жолуктурган жылкы өзүн бир кызыктай алып жүрө баштады

Эгер жылкы алты карышкырдын үйүрүнө жолукса эмне болот? Сиз кандай ойлойсуз, билбейм, бирок менин оюм боюнча, жылкынын ишинин бүткөнү!

Видеодон мындай жолугушууну көрөсүз, бирок ал жүрөктүн үшүн алчулардан эмес. Өзүңүз байкаңыз.

 

Бул уникалдуу жолугушуу Италияда тартылган. Алты карышкыр жалгыз жүргөн жылкыны тегеректеп карап турушат.

Жылкы канчалык чоң болгон күндө да, карышкыр карышкырлыгын кылып коёт эмеспи. Бирок бул видеодо эмес. Жылкы эч нерсеге карабай, алардын алдында оонап алды, кол салууга мындан мыкты дагы кандай убак болушу керек? Бирок...

 

Швед окумуштуусу Йонас Валстрёмдин айтымында: "Эгер жылкы карышкыр менен Швецияда жолукканда, жыйынтыгы башкача болмок. Бул видео Италияда тартылган. Демек бул жаныбарлар жапайы жаратылышта бири-бири менен кезигишпейт. Өз учурунда, италиянын карышкырлары чоң жаныбарларга кол салып көнгөн эмес. Адатта алардын рационун коёндор жана башка майда жандыктар түзөт".

 

Анын айтымында, карышкырлар жылкыны оңой эле жара тартып коёруна ишенишпейт, ошондой эле, жылкы да карышкырларды коркунуч катары кабыл алган жок. Ошондуктан, Италияда жылкы карышкырдан коркпойт, ал эми карышкырлар жылкыга кол салбайт.

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.