Карагыла, дүйнө адамдары тандаган былтыркы жылдын 15 сулуу айымы

Жыл сайын TC Candler оюн-зоок порталы планетадагы 100 эн сулуу эркек жана айымдарды тандаган добуш берүү өткөрөт. Талапкерлердин тизмесинде бир гана кесипкөй моделдер эмес, актёрлор, ырчылар, спортчулар жана блоггерлер түзө алат. Дүйнө жүзүндөгү көз карандысыз сынчылардын добуштары менен THE MOST BEAUTIFUL FACE наамына татыктууларды аныкташат.

Бул жерде добуш берүүчүлөр эстетикалык сулуулукту гана эмес, оригиналдуулукту, кайраттуулукту, сулуулукту, алардын потенциалын да баалашат.

 

 

15. Юа (Ю Ши-а)

Юа - Түштүк кореянын Oh My Girl группасынын ырчысы жана бийчиси

14. Джози Лэйн

Англиялык модель Джози Лейн болгону 18 жашта, бирок ал ар эмитен мода көрсөтмөлөрүнө катышып, белгилүү бренддерди рекламалайт

 

13. Нэнси Джоуэл Макдони

Жарым корей, жарым америкалык Нэнси Макдони кореянын MOMOLAND поп-группасынын катышуучусу катары белгилүү

 

12. Октябрина Максимова

Россиялык 23 жашар модель. Азыркы тапта университетте юристтик кесипти окуп жаткан чагы

 

 
11. Соня Бен Аммар

Франциялык модель, актриса жана ырчы, бала кезинен эле Париждин театрларында ойноп келген жана бир нече фильмде да тартылган

10. Лиза Соберано

Филиппино-америкалык актриса 13 жашынан тартып кино менен сериалдарда тартылып келет. Айта кетчү нерсе, 2018-жылы Филиппинде "№1 Айым" наамына татыктуу болгон

 

9. Мейка Вуллард
 
 
 
 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от MEIKA (@meikawoollard)

Рейтингдин эң жаш катышуучусу Мейка Австралияда жарык дүйнөгө келген жана 3 жашынан тартып эле модель болуп иштеп баштаган. Азыр ал 15 жашта

 

 
8. Эмили Неренг

24 жашар Эмили өзүнүн блогун жана Youtube каналын алып барат жана туура тамактанууну Инстаграмда көрсөтүп келет. Анын барактары 2010-жы Норвегияда эң көп окулган катары бааланган

 

7. Нана (Им Чжин А)
 
 
 
 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от NANA (@jin_a_nana)

Корея музыкасынын дагы бир өкүлү. Музыкалык карьерадан сырткары моделдик бизнес менен да алектенет

 

6. Одрияна Мишель

Embed from Getty Images

Америкалык фотомодель өз карьерасын 2016-жылы баштаган жана ошондон бери рекламалык компанияларда тартылат

 
5. Наоми Скотт

Британиялык актриса жана ырчы, азыркы тапта киноиндустрияда өтө популярдуу болууда

4. Тилан Блондо

18 жашар франциялык модель карьерасын 4 жашында эле баштаган. Lacoste, Hugo Boss, Ralph Lauren, Massimo Dutti сыяктуу бренддерде тартылган. Азыр да карьерасы өсүп жаткан учуру

3. Лалиса Манобан
 
 
 
 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от LISA (@lalalalisa_m)

Лалиса Таиландда туулган. Азыркы тапта Түштүк Кореянын BLACKPINK поп-группасынын катышуучусу

 

 
2. Яэль Шелбиа

Яэль Израилде динчил үй-бүлөдө туулган. Бирок сырткы келбетинин аркасы менен моделдик карьераны аркалай алды

 

1. Чжоу Цзыюй

Биринчи орунду болсо 20 жашар Таиланддык модель жана актриса алды. Чжоу Цзыюй —  Twice Түштүк Кореялык поп-группасынын эң жаш катышуучусу.

 

Сиз биринчи орунга кимди коет элеңиз? Булар финалист болушуна макулсузбу?

 

"Жакты" кнопкасын басып, Facebook
барагыбызга
жазылыңыз.
Биринчилерден болуп бизди окуңуз.